Акыркы кабарлар
» Коом » Бишкекте көмүр 4000 сомдон сатыла баштады
Бишкекте көмүр 4000 сомдон сатыла баштады
01-ноябрь, 15:14

4000 сомдук көмүргө чектөө бар. Тагыраагы, кардар аны 2 тоннадан ашык ала албайт. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
Даректер:
-- Мурманский көчөсү, 126;
-- айланма жол — Алматы көчөлөрүнүн кесилиши;
-- айланма жол менен Киргизская көчөсүнүн кесилиши;
-- Достоевский көчөсү, 97к.
"Арзандатылган кара алтынды Бишкек шаарынын тургундары эртең мененки саат 9:00дөн кечке чейин ала алышат" деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин кара алтындын наркы көтөрүлүп, бир тоннасы 4800 сомго чейин сатылып жаткан.