Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жеңиш Разаков жерибизди тажиктерге берсе, элибизди аттырса, эмнеге бийлик унчукпайт?

Жеңиш Разаков жерибизди тажиктерге берсе, элибизди аттырса, эмнеге бийлик унчукпайт?

19-февраль, 12:15
4 660 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Назар ньюс” сайтына берген маегинде Мамат Айбалаев “Разаковдун күнөөсү Мадумаровдукунан кем эмес. Көк-Таш, Самаркандек, Кызыл-Бел жана башка Тажикстан менен чектеш Баткен районунун эли менен прокуратура, ички иштер министри изилдеп, текшерип чыкса, Разаковдун күнөөсү толугу менен аныкталат. Андан башка күнөөсү Ак-Сай эли ворухтуктарды тоскондо, ал жердеги элибизди аттырган” деп айтты. Баткен эли Жеңиш Разаковдун үстүнөн арызданып, канкакшап айтып эле келе жатышат, бийлик, күч органдары качан көңүл буруп, бул каралбай келаткан маселеге чекит коёт? “Жеңиш Разаков – Тажикстандын шпиону” деген материал “Жаңы ордо” гезитине, андан кийин сайттарга да чыккан. Биз ошол булактарга таянып жазган маалыматты Жеңиш Разаков танып, “менин ар-намысыма доо кетти” деп сотко берип, сотторду сатып алганбы, айтор, бизди жаманатты кылганга аракет кылды. Бул баягы “осурган кыз осурбаган кыздын бетин тытат” дегендей эле көрүнүш. Баткен эли “Разаков тажиктерге жерибизди берип жиберген, элибизди коргогон жок” деп эле арызданып келатат. Жеңиш Разаков вице-премьер болуп турганда “кетсин” деп эл митингге чыкканда, “бул акча менен уюштурулган” деп элди күнөөлөп чыккан. “Уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат” деген ушул эмеспи. Баткен элинин датын угуп, УКМК Ж.Разаковдун чек ара боюнча жасаган кылмыш иштерин териштиреби, же ал кыңыр иштер жабылуу бойдон калабы? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер