Жазгүл Жамангулова: “Таӊ эрте зордукталган кызды аялдамадан көрдүм”
Жазуучу Жазгүл Жамангулова ой толгоосун сунуштады.
Мас кыз
(Студенттик жылдарда жазылган)
Таӊ эрте зордукталган кызды көрдүм аялдамадан. Уйпаланган чачтарына чөп- чардын кыпындары илинип жүрөт. Дал-далынан айрылган көйнөгүнүн ичинде абийири жок. Кара жолду бирде мурду менен сүзө жыгылып, бирде тамтаӊдап жолунан адашат. Андан обочо турганым менен анын күз түшкөн көзүн даана көрүп турдум. Уялуу, коркуу, жазгануу деген аялуу сезимдерден куру жалак калган аялзатынын өтө жаман болоорун укканым бар, алды мынчалык бетсиз, анан айбандан төмөн даражага түшүп калаарын өз көзүм менен көрүп, арданып, уялып, ичим ачышып, селейип турган эместирмин. Мен да кыргыз кызымын. Мен да аялзатымын.
-- Жоругуң жолдо калгыр,- дечү эле айылдык бир апа ким бирөөнүн жосунсуз иштерин уга калса. Анын сыӊары, мен бул таӊкы абалдан оолактап кете албай, же кол шилтеп жек көрө албай, же жанына барып жардам кыла албай араӊ турдум салаңдап. Калп эле жолду караганым менен жолуӊ да көрүнбөйт. Бүтүн элдин тагдыры “мас кыздын” маймыл кейпине чагылышып, ал болуп, анан эл болуп көрүнүнүп, күзгүдөй чагылышып туруп алды. Жол караган көзүмдүн кычыгында келечеги бүдөмүктөнгөн тагдыр турду. Ал тагдыр таланган кыргыз кызына окшош мекендин тагдырындай. Кыргызстанды кимдер гана зордуктаган жок?..