Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сойкулукка баткан караоке жайлары... Алмаз Осмонбеков менен Улан Айтбаев калкалайбы?

Сойкулукка баткан караоке жайлары... Алмаз Осмонбеков менен Улан Айтбаев калкалайбы?

04-октябрь, 19:26
1 327 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ички иштер министрлиги шектүү погончондордон арылып, системаны тазалоого батыл киришпесе, аягы жакшылык менен бүтчүдөй эмес. Элге үлгү көрсөтө турган кадрлардын кедеринен кетип жатышканы өкүндүрөт. “Кой аксагы менен миң” дейт. Андыктан, иргелүүгө, алдыга карай өсүүгө мезгил келди. Эмне үчүн чечкиндүүлүктү, адилеттүүлүктү орното албай келебиз? Акыл калчайлы.

Аз күн мурда ИИМдин ички иликтөө башкармалыгынын орун басары Алмаз Осмонбековдун караоке клубда ырдап аткан видеосу соцтармактарга тарады. Столдун үстүндө ичкиликтин түрү жайылып, дасторкону кыйла кыз-келиндерди сулатчудай. Манчыркай эс алып атканын элге жайып, мактануунун канчалык кажети бар элеАлмаз Осмонбеков түпкүлүгүндө Роза Отунбаеванын жакын иниси болот экен. Карьералык секириги да тааныш-билиш, жердешчиликтин артынан келатканы байкалды. Чыныгы кесипкөйлөрдөй уюшкан кылмыштуулук менен күрөшпөй, жылуу-жумшак жанын багып жүргөн эргул тура. Эмесе, купуя сырларга тереңдей кирели. 

Алмаз Осмонбеков менен Бишкек ШИИБнин кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальниги Улан Айтбаев караоке клубдарга “крышевать” этишкени, ай сайын 1500 доллардан алып турушканы ыраспы? Мындай уюктарда элиталык сойкулар иштешери, көңүл ачуунун түрлөрү, массаж, интим кызматы көрсөтүлөрү айтылууда. Бишкектеги “бейиштин төрү” сымал жайлардын бешөө экөөнө караштуу болсо, аныгында кирдүү бизнести калкалап келатканына ынандыңарбы? Эмне үчүн буларга карата кызматтык иликтөө, териштирүү жүрбөйт? УКМК же башкы прокуратура жакшылап анализге алып, береги сойкуканалардын ээлерин кысып койсо эле сайрап беришет да. Жогорку жетекчилик дал ушундай “кой терисин жамынган” карышкырлардын жүзүн ачышканда гана тазаланууга, мекенге ак кызмат кылууга багыт алабыз. А болбосо сазга батканыбыз, кир дүйнөдө калганыбыз ушул да, туурабы


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер