Акыркы кабарлар
» Коом » COVID-19: төрт адам каза болуп, вирус 97 кишиден аныкталды
COVID-19: төрт адам каза болуп, вирус 97 кишиден аныкталды
09-февраль, 11:55


Соңку бир суткада (9-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 97 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 53 киши.
Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы төрт бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 199 миңден ашты, 2913 адам каза болуп, 191 миңден көп киши сакайып чыкты.
Ушул күндөрү 684 бейтап ооруканаларда, 2883 адам үйүндө дарыланууда.
Бир сутка ичинде коронавирус дагы эки медициналык кызматкерге жукту. Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медкызматкерлер арасында 7725 учур катталды. Алардын ичинен 7311 дарыгер айыгып чыккан.










