Генерал Суваналиев кризис-менеджерлик милдетти аркалайт

Буга чейин Жеңиш Разаков иштеп келген вице-премьер-министрлик орунду чек араны гана көзөмөлдөгөн мааниде жазып келгендер жаңылышат. Бул кызмат дээрлик күч органдарынын куратору. Түштүк регионундагы чек ара маселесине гана байлап, калган көйгөйлөрдү унутта калтыруу туура эмес да.
Андыктан, бул орунга күч органдарын ичтен жакшы билген, ошого катар региондордо иштеген, профессионал кадрдын келүүсү зарыл. Маселен, генерал Суваналиев милицияга өмүрүн арнап, жетекчилик тепкичтерден ирээти менен министрлик даражага чейин өсүп жеткен, ошого катар кезинде Оштун КГБсын да башкарган. Дээрлик алыскы региондордун баарын басып өткөн, Акүйдө жана органдардан сырткары депутат, губернатор да болгону эсибизде. Оппозициянын да көрүнүктүү лидери катары таанымал. Убагында саясый куугунтукка да кабылган эле. Айтор, мындай универсалдуу, көп кырдуу фигураны табыш кыйын. Эң башкысы, ал кайсы кызматты аркалабасын, эл тарабында болуп, Акаев доорунда эле “Комиссар Каттани” деген каймана ысымды багындырган. Ар дайым кыйын кырдаалда кризис-менеджерлик милдетти аркалайт. Адамдык сапаты да бийик, чынчыл, кайсы гана кызматты аркалабасын, принципиалдуу жана таза иштейт.
Ооба, учурда өкмөт кадрдык жактан аксап атканда, Өмүрбек Суваналиевдин тажрыйбасы аба-суудай зарыл эле. Бир жагынан саясый кырдаал да чыңалып баратат. Мамлекеттин жана президенттин кадыр-баркына бел болчу колдо бар алтынды баалабайлыбы?.. Арканды алыс ыргыта турган кез келди...
Aryba.kg