Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Туманбаевдин “шериги” Нурбаевдин камалышы коомчулукту таңгалдырды

Туманбаевдин “шериги” Нурбаевдин камалышы коомчулукту таңгалдырды

02-октябрь, 20:03
684 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
2020-жылы парламенттик шайлоого “Биримдик” партиясынан талапкер катары Төлөнбай Нурбаев чыгып, коомчулукка учкай таанылган. Асылбек Жээнбековго артын такап алып, Кара-Суу районунан оюн салгысы келген эле. Бирок аягы кандай жыйынтыкталганы баарыбызга белгилүү. Төңкөрүштөн кийин башын сактап, житип кеткен. Анан акырындык менен “шериги” Каныбек Туманбаев (бул да “биримдикчи”) аркылуу бийликке жакындап, Асман шаарына инвестор тартуучу катары УТРКдан бери чыгып, пиарга батып, көкөлөп жүргөнүн кантебиз? Көп өтпөй 200 миң доллар опузалап талап кылуу таризинде айыпталып, ИИМ тарабынан камакка алынды. Ансыз да Асман шаарынын курулушу арсарлыкты жаратып, таңданып аткан көпчүлүктү огобетер таңыркатты. Бир чети бийликтин аброюна муздак суу себилгендей эле болду. “Досуңду көрсөтчү, сенин ким экениңди айтайын” дегендей, Каныбек Туманбаевге да жаман ишарат кетти го? Экөө “Биримдик” партиясынан депутаттыкка үзөңгүлөш катары аттанышып, “раз-за” бакылдап жүрүшкөн. Натыйжада, мезгилдин шары менен чекесинен жүздөрү ачыла баштады. Али көп кызыкка бата турчу күндөр алдыда окшойт...  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер