Сонунбек Омаралиев: “Элдин муктаждыгын, талаптарын чечүү – биздин негизги максатыбыз!”

“Азия Ньюс” гезитинин 2021-жылдын 18-февралында чыгарылган “Ихлас” компаниясы жерлерди мыйзамсыз алып, архитектуралык талаптарды бузганбы?” аттуу суроо жаатында макала жарык көргөн. Бул боюнча “Ихлас” курулуш компаниясынын жетекчилиги Сонунбек Омаралиев менен маек кылдык.
-- Биздин 2021-жылдын 18-февралында “Азия Ньюс” гезитибизге сиздердин компания тууралуу божомол, суроо коюлган “Ихлас” компаниясы жерлерди мыйзамсыз алып, архитектуралык талаптарды бузганбы?” деген макалабыз чыккан. Ошол боюнча эмне дейсиз?
-- “Ихлас” курулуш компаниясы мыйзамсыз жерлерди алып, турак жайларды архитектуралык талаптарды бузуп эч качан курган эмес, курбайт дагы. Компания 20 жылга жакынкы убакытта Бишкек, Ош шаарларына көп кабаттуу турак жайларды куруп келе жатат. Компаниянын курулуш иштерин жүргүзүү үчүн тийешелүү лицензиясы бар. Жер участкаларына укук ыйгаруучу жана укук тастыктоочу документтери бар. Курулуш иштерин жүргүзүүнү мыйзам талап кылган уруксат документтеринин негизинде алып барат. Курулуш иштери генералдык план боюнча, архитектуралык талаптардын негизинде жүрөт. Азыркы күндө компания тарабынан 14 объект бүтүп, ийгиликтүү эксплуатацияга берилген. Ушул учурда дагы 12 объект курулууда. Кардарлардын талабына ылайык батирлер заманбап курулуш материалдары менен бүтүрүлүп жатат. Ал эми курулган турак жайларыбыздын сырткы көрүнүшү шаарды көрккө бөлөп, архитектуралык кооз имараттардын катарын толуктоодо. Канчалаган турак жайга муктаж жарандарыбыздын талаптарын мүдөөгө ашырып келе жатабыз.
Макалада жазылгандай, “Ихлас” компаниясы өзгөчө Бишкек, Ош шаарларында курулуштары жанданганы белгилүү”, биздин компания өлкөбүздүн кайсы жери болбосун, жакшы долбоорлор болсо курулуш иштерин жүргүзө берет. Анткени ар кайсы жерде курулуш иштери жүрсө, ошол жерде канчалаган жарандарыбыз жумуш орду менен камсыз болот, жергиликтүү салыктар төлөнөт, ошол аймактын инфраструктурасы жакшырат. Биздин компания канчалаган кызматкерлердин турак жай муктаждыктарын чечип келүүдө. Андан сырткары, мамлекетке, жергиликтүү бийликке өз жардамыбызды көрсөтүп, салым кошуп жатабыз. Мисалы, “Жал-15” кичирайону боюнча 288 батир социалдык турак жай катары муктаж жарандарга берилет. Андан сырткары, Чыңгыз Айтматов проспектисинде курулуп жаткан турак жайдын 10%ы Бишкек шаардык мэриясына берилет. Курулуш иштеринен сырткары компаниябыз кайрымдуулук иштерин ар дайым жүргүзүп келет. “Оң колуң бергенди сол колуң көрбөсүн” дегендей, биз ал иштер боюнча мактанып, жарыялабайбыз. “Иштегендин артынан сөз ээрчийт” деген сөз бар эмеспи. “Ихлас” компаниясы иштеп келген, иштеп жатат жана иштей берет.
-- Сиздердин компания Жантөрө Сатыбалдиевге, Икрам Илимяновго, Алмазбек Атамбаевге, Сооронбай Жээнбековго таандык деген сөздөргө эмне дейсиз?
-- “Ихлас” компаниясына ар кайсы саясый фигуралардын байланышы бар деген ар кандай ушак-айың кептер айтылып келет. Бирок бул айтылган сөздөр негизсиз жана чындыкка дал келбейт. Жогоруда сиз айтып кеткен саясый адамдардын биздин компанияга эч кандай тийешеси жок. Биз Кудайга гана ишенебиз жана элибизге ишенебиз. Биздин куруп жаткан үйлөрүбүз канчалаган жарандарыбыздын турак жайга болгон муктаждыктарын чечип келүүдө. Эл өзү тараза. Баалап алат мээнетибизди.
-- Демек, Осмоновдордун бизнеси саясый фигураларга байланышы жок турбайбы?
-- Эч кандай байланышы жок. Осмоновдор “Ихлас” курулуш компаниясынан сырткары дагы башка жаңы долбоорлор менен иш алып барат. Ош шаарында текстиль фабрикасы курулуп жатат, электромобиль чыгаруучу “Кыргыз унаа курулуш” заводу азыркы күндө алгачкы продукцияларын чыгарып жатат. Андан сырткары, Баткен облусунда өрүктү кайра иштетүүчү логистикалык борбор, текстиль фабрикасы курулууда. Мындан башка канча балдар үйлөрү, карыялар үйлөрү, медреселер, окуу борборлору курулуп, элдин жарагына иштеп жатат. Биздин кылган эмгек эл үчүн! Элдин муктаждыгын, талаптарын чечүү – биздин негизги максатыбыз!
"Азия Ньюс" гезити