COVID-19 илдетинен алты бейтап каза болду

Коронавируска каршы күрөш боюнча штабдын 24-майда берген маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен алты бейтап каза болду. Алардын төртөө Бишкектен, бирөө Чүй облусу жана дагы бирөө Талас облусунан катталды.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1757 кишиге жетти.
Вирус акыркы бир суткада оору дагы 191 кишиден аныкталды. Расмий маалыматка караганда, ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны 102 миң 702 адам жугузуп алды. Жалпы айыгып чыккандардын саны 96 миң 119га чамалады.
Учурда 1571 киши ооруканада дарыланып жатат. Алардын ичинен 81 бейтаптын абалы өтө оор, 411 адам оор экени кабарланды. Бир сутка ичинде өлкө боюнча үч медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.