Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Фейк аккаунттар Алтынбек Жунус уулун эмнеге каралап жатышат?

Фейк аккаунттар Алтынбек Жунус уулун эмнеге каралап жатышат?

13-февраль, 13:20
683 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Депутат Алтынбек Жунус уулу фейк маалыматтардын курмандыгы болуп жатканын жар салды. Ал өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу элге кайрылып, Ат-Башыда салына турган логистикалык борбордун курулушун колдой турганын дагы бир ирет тастыктады.

“Урматтуу мекендештер, 2 күндөн бери социалдык тармакта Ат-Башыдагы логистикалык борборго каршы митинг-пикеттердин артында депутат Алтынбек Жунус уулу турат деген жалган маалыматтар фейк аккаунттар аркылуу таратылып, бүгүн видео материал жайылтыла баштады. Мен аталган логистикалык борбордун салынышын колдоп, жумушчу орундар түзүлүп, жалпы элге пайдасы тийсе экен (!) деген максатта Ат-Башыга барып, жердештеримди да колдоого чакырып жатам. Ат-Башыга бир эмес, эки сапар барып, эл менен жолугушууларды өткөрүп, эмнеге каршы болуп жатканын өз кулагым менен маңдай-тескей отуруп угуп келдим”,- деп жазат.

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер