Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Авланбек Жумабаев: «Бизде шарт түзбөй эле улам бир мыйзамды чыгарып, телеканалдарды муунтуп жаткандай элес калтырат»

Авланбек Жумабаев: «Бизде шарт түзбөй эле улам бир мыйзамды чыгарып, телеканалдарды муунтуп жаткандай элес калтырат»

27-ноябрь, 19:33
1 360 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Телеканалдардагы контенттин 70%ы кыргыз тилинде болууга милдеттендирген мыйзам иштелип чыгыптыр, бул кыйноо эмеспи?

-- Албетте, бул кыйноо. Анткени, буга чейин эле «телеканалдардын продукциясынын 50 пайызы кыргызча болсун» деген норма бар болчу, бирок аны эч ким аткара элек. Керек болсо КТРКга кирген башка каналдар деле муну аткара албайт. Мисалы, жаңылыктарын карап көрөлү. Мыйзамды кабыл алып койсо эле ишке аша берет деген түшүнүк туура эмес, себеби муну аткарыш үчүн мамлекеттик заказ тутумун киргизиш керек. Жакынкы эле Казакстандын тажрыйбасында карап көрө турган болсок, аларда мамлекет тарабынан миллиондогон каражаттарды бөлүп, телеканалдардагы контентти казак тилинде иштеп чыгуу, жаңы продукцияларды жасоо иштери жолго коюлган. Бизде шарт түзбөй эле улам бир мыйзамды чыгарып, телеканалдарды муунтуп жаткандай элес калтырат. Бардык телеканалдардын мүмкүнчүлүгү бирдей эмес. КТРК биздин чөнтөгүбүздөн, республикалык бюджеттен каржылангандыктан, алардын мүмкүнчүлүгү бир аз жакшыраак. Ал эми майда телеканалдарды айта турган болсок, алар өздөрү мындай контентти иштеп чыгуусу кыйын.

-- Бул кадамдар кыргыз тилин өнүктүрүүгө канчалык таасир эте алат? 

-- Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө мамлекеттик көз караш менен барыш керек. Эгер мыйзамды аткаруудагы механизмдери каралып, өкмөт тарабынан токтомдор кабыл алынып, кыргыз тилди өнүктүрүү боюнча атайын иш-чаралар каралбаса, мунун бардыгы популисттик деңгээлде кала берет. Маселен, азыр орусча сүйлөбөгөн кыргыз үй-бүлөлөрүндө деле балдардын тили орус тилинде чыгып жатат. Себеби, Ютуб аркылуу балдарды өнүктүрүүчү видеолорду көп көрүшөт. Андыктан мамлекет балдардын тили чыккандан тартып, аларга багытталган кыргыз тилдүү продукцияларды жасап, аны телеканалдарда, интернетте таратмайын, бул жактан жылыш болбойт. 

-- Мисалы, буга чейинки 50 пайыз кыргызча контент даярдоо эрежесинин айынан телеканалдарда кыргыз тилдүү кинолор кайталанып жана башка тилдеги тасмалар сапатсыз котормолору менен эфирге чыгууда...

-- Ооба, ушул норманы аткара албай жатканда, 70 пайыз деген эреже киргизүү теңирден тескери кадам. Ал мыйзамда дагы ишке ашыруу механимдери бекитилген эмес. Ошондуктан ушул күнгө чейин ал аткарылган жок. Ушундай реалдуу эмес документтер кабыл алына берсе, ал телеканалдарга гана сокку урат. Контент жаратууну каржыламайынча мындан жыйынтык чыкпайт. 

-- Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча кыргыз тилинин бардык нормаларын тилчилер эмес, депутаттар бекитет экен, бул туурабы?

-- Негизи тил нормаларын Жогорку Кеңештен бекитүү илгертен келаткан салт. Бирок, азыркы биздеги парламенттин, депутаттардын  сапатына таянып көрө турган болсок,  бир топ коркунучтар бар. Себеби, кээде ЖКга авторлор тарабынан терең иштелип чыккан, сапаттуу мыйзамдар киргени менен депутаттар жеке кызыкчылыктарын көздөп, экономикалык же салык боюнча мыйзамдарды такыр таанылгыс кылып өзгөртүп салат. Ушундан улам тынчсыздануу пайда болуп жатат. Сабатсыз депутаттар шайланып келсе, бул нормаларга да сокку урулушу толук мүмкүн.  


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер