Ахмат Келдибековдо дух бар экен, «Нур» каналынан Садыр Жапаровду соктурууда
Буга чейин Ахмат Келдибековго ичим чыкпай, Сокени колдогонун, өткөн парламенттик шайлоодо бийлик партиясынан аттанганын көрүп, тимеле кыжырдангам. “Күн тийген жердин күкүгү боло береби?” деп. Бирок, учурда бир жагдайды байкадым. Ахмат Келдибековдун “Нур” телеканалынан ар кандай эксперттер чыгышып, Садыр Жапаровду сындаганын көрүп атабыз. Учурда саясый элитанын көпчүлүгү, мурдагы бийликтин жагымпоздору бийлик талапкерине өтүп кетишкен соң, каршылык көрсөткөндөр аз эле да. Курч, оппозициялык маанайдагы саясатчылар саналуу эмеспи. Мындай шартта Ахмат Келдибеков убактылуу ачык чыкпаса да, ресурстары менен тап бере баштаганы маанилүү. Жакында өзү деле кыраатын келтирип, эски досун сындап чыкса таңгалбагыла. Себеби, дух бар экенин байкатып койду. Корко турган жагдайы жок...
Азизбек Сарыбаев
Aryba.kg