Акыркы кабарлар
» Коом » Унаа жууган мектеп окуучусу каза болду
Унаа жууган мектеп окуучусу каза болду
18-ноябрь, 17:15
756 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргызстандагы унаа жуучу жайлардын көпчүлүгүндө жашы жете элек балдар, мектеп окуучулары иштешет.
Кечээ, Ош шаарынын Жапалак кичи районундагы унаа жуучу жайда 11-класстын окуучусу каза болду.
Каза болгон бала Ноокат районундагы Кеңеш айылында жашачу. Ал Ош шаарындагы унаа жуучу жайда иштеп жүргөн.
Ошол жерде иштеген күбөлөрдүн айтымында, окуучу иштеп жатып өзүн жаман сезип, эс-учун жоготуп жыгылып, ошол замат каза болгон. Анын ата-энесинин айтымында, бала биринчи чейректен кийинки эс алуу күндөрү акча табам деп Ошто иштеп жүргөн. Алар баласынын сөөгүн соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты. Дарыгерлердин айтымында баланын жүрөгү токтоп калган.
Учурда баланын өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Aryba.kg