Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » КУУну талкалаган Канат Садыковдун ректорго кеңешчи болуп отурганы түшүнүксүз

КУУну талкалаган Канат Садыковдун ректорго кеңешчи болуп отурганы түшүнүксүз

27-июнь, 19:23
862 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун мурдагы ректору Канат Садыковдун маселесин Жогорку Кеңештин депутаттары көтөрүп жатат. Беш жыл бою университетте Канат Садыковдун куурай башын сындырбаганы азыр жасалып жаткан иштерден айкын көрүндү. Анын тушунда окуу жай кедеринен кетип, 750 миллион сомдон турган бюджети 630 миллион сом болуп, кыйла кыскарып кеткен. Студенттердин саны 24 миңден 16 миңге түшкөн. Эми ушинтип университетти талкалаган экс-ректор Канат Садыков президенттин кеңешчиси Медет Букуевдин жардамы менен азыркы ректордун кеңешчиси креслосун ээлеген. Ал кимге, эмне деп кеңеш айтат? Университеттеги коллегалары “университетти артка тартып, элге суук тумшук көрүнгөн Канат “жеп-ич, талкала” дегенден башка эмне акылын айтат болду экен?” деп таңгалышууда. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер