Адабий процессти изилдеген Артыкбаевдин ири эмгеги
Менин жеке баамымда, филолог окумуштуулардын ичинен аталган адистиктеги студенттерди максаттуу даярдоо ишине профессор Качкынбай Артыкбаевдей ири салым кошкондор аз эле. Ал өткөн кылымдын 1967-жылынан бери өмүрүнүн аягына чейин муну абийирдүүлүк менен аткарды. Бул агай менен студент кезимден баштап ата-баладай, кийин ага-инидей жылуу мамиледе болдук. 2004-жылы “Нарындан шаарга келсең, мага жолугуп кет” дегенинен кафедрага барып кезиктим. Ошол жылдарга чейин жарык көргөн китептерин жыйнап коюптур. “Буларды сага даярдадым эле, алып кет, окуурсуң” деп берди. Ондон ашуун монография, окуу куралы, ыр жыйнактары экен. Ошолордун ичинде мына, колумдагы “XX кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы” жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби бар болчу (ошол жылы басмадан жаңы эле жарык көргөн экен).
Филология илимдеринин доктору, профессор Качкынбай Артыкбаевдин илимий ишмердүүлүгү тууралуу бул ирет жаза турганым анын ошол окуу китеби жөнүндө болмокчу. Буга чейин анын акындар поэзиясын изилдөөдөгү орду менен мааниси тууралуу эки-үч адабий-теориялык макала жазып, бири монографиямда, калгандары илимий журналдарда жарык көргөн. Тилекке каршы, аларда ушул “XX кылымдын кыргыз адабиятынын тарыхы” тууралуу айтылган эмес болчу, бул ирет ошол кенемте-кемтикти толтургум келди...
Ырас, ар бир улуттун адабиятынын тарыхы жазылышы керек, мындай табигый зарылдыктан улам орус адабиятынын тарыхы ондогон томдор менен басылды, кошуна казак элинин адабиятынын тарыхы отуз том, өзбектер элүү том кылып басышты. Шүгүр, кыргыз адабиятынын тарыхы да академик А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери тарабынан он томдук катары даярдалып, бир нече ирет басмадан жарык көрдү. Демек, башка улуттар сыяктуу эле кыргыз адабиятынын тарыхы да көп томдуктар абалында жазылыптыр. “Мындай болгон күндө ал тарыхты өзүнчө китеп кылып жазуунун канчалык зарылдыгы бар эле?” деген табигый собол жаралышы толук ыктымал. Ошол он томдук деле улуттук адабияттын тарыхы, азыр сөз боло турган К.Артыкбаевдин көлөмдүү окуу китеби деле улуттук адабияттын тарыхы. Булардын типологиялык ажырымы эмнеде? Айырма-жалпылыктары кай жерден тогошот? Кайсы бири маанилүү, а кайсынысы анын көлөкөсүндө калат?” деген суроолордун да жаралышы толук мүмкүн.
Маселе ошол эмгектердин статусунда. Мындан улам ошол эмгектерде сөз болушу керек болгон маселенин объектиси менен предметинде, изилдөө багыты менен материалдарды сунуш кылуу манерасында, бир сөз менен айтканда, маселеге карата жасалган мамиленин методологиясында. Академиялык басылма статусундагы фундаменталдуу он томдук тарых менен бир автор жазган тарыхтын материалдары экөө эки башка деген пикир жаралбашы үчүн, азырынча мына буларды айта туралы. Улуттук адабияттын жаралган мезгилинен тартып (оозеки форматта) бүгүнкүсүнө чейинки абалы он томдукта жалпы сомосунан этап-этап менен сунуш кылынат (алар аябай кыска абалында берилет), арасында адабий портреттер болот, антпесе фольклордон азыркы жазма профессионал адабиятка чейинки тарыхты он томго сыйдыруунун өзү мүшкүл иш болмок. А окуу китебине материал салуу – такыр башка маселе. Мына ушундан улам К.Артыкбаевдин окуу китеби тууралуу, анын мазмундук жана формалык, композициялык жана структуралык өзгөчөлүктөрү тууралуу айтуу зарылдыгы өзүнөн-өзү жаралат.
Качкынбай Артыкбаевдин “XX кылымдын кыргыз адабиятынын тарыхы” эмгегинин статусу – окуу китеби. Республиканын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттер үчүн жазылган окуу китеп. Демек, мунун объектиси, предмети, изилдөө багыты менен материалдарды сунуш кылуу манерасында, мазмундук-формалык анализге алуу технологиялары академиялык басылмадан кескин айырмаланып турат. Анын ошого жараша спецификалык өзгөчөлүктөрү болот. Окуу китебинин теориясындагы критерийлерге ылайык, мазмуну менен формасы диалектикалык биримдикте болуп, анын структурасынын элементтерин түзөт. Ушундан улам анын окуу китеби катары функциясы аныкталат. Профессор К.Артыкбаевдин муну мыктылап өздөштүргөнү, анын орто мектептер үчүн жазылып, кырк жылдан ашуун мезгилден бери окутулуп келе жаткан бешинчи класстын (авторлошу Бектур Исаков) “Биздин адабият” окуу китебинен көрүнөт. Качкынбай агай өзү бир жолушканыбызда “сен да окуу китебинин автору экенсиң, билесиң, мектептер үчүн окуулук жазуу абдан түйшүктүү” дегени бар эле. Ошол маекте анын орус окумуштуулары Л.В.Занковдун, Д.Б.Элькониндин, В.В.Давыдовдун (булар окуу китебинин теориясы менен методологиясын толук иштеп чыккан адистер) эмгектери менен ичкертен тааныш экендигине кепил боло албайм, бирок К.Артыкбаевдин окуу китебин жазуунун технологиясын мыкты өздөштүрүп алганына ынанган элем.
А жогорку окуу жайлары үчүн жазылган окуу китебинин түйшүктүүлүгү андан да оор, маанилүү, опурталдуу да жагы бар. Опурталдуулугу – адистерди даярдоо ишинде зарыл болгон билимдерди сунуш кылып, ошончолук арбын материалдардын ичинен эң эле зарылдарын гана тандап алууда турат. Ырас, алар студенттин тээ мектепте окуган, өздөштүргөн окуу материалдарынан кескин айырмаланып, аларды улам толуктап отурушу керек. Ал материалдарды студентке сунуш кылуунун стили да кыйла башкача болот. Мында эми маалыматтар гана эмес, ар бир маселе боюнча кенен жүргүзүлгөн анализ, тийиштүү жыйынтыктар чыгарылып турат. ЖОЖдорго окуу китебин жазыш үчүн автор кандайдыр бир спецификалык даярдыктарга ээ болушу абзел, К.Артыкбаевде мындай даярдык бар экен. Ал филфактын экинчи-үчүнчү-төртүнчү курстарында студент системалуу таризде өздөштүрүшү керек болгон “Кыргыз адабиятынын тарыхы” курсунун методологиясын жакшы өздөштүргөнү үчүн анын жаралуу, телчигүү, калыптануу, өнүгүү эволюциясын ыраатын бузбай, түшүнүктүү абалда сунуш кылганга жетишти. Окумуштуу Д.Б.Эльконин минтип жазат: “Для изучения учебников высшей школы требуется предварительная подготовка. Школьную литературу понимают все люди, а вот учебники для ВУЗов предполагают наличие специальных знаний. Отличает учебники для студентов большее количество дисциплин и узкая направленность изучения конкретной дисциплины. Данная особенность учебников высшей школы появилась в связи с углубленным изучением определенного направления какой-то конкретной дисциплины”. Ошол конкреттүү дисциплина биздин шартыбызда – улуттук адабияттын тарыхы.
Менин пикиримде, мындай окуулукка мүнөздүү болгон улуттук адабияттын тарыхын мезгилдештирүү принциби К.Артыкбаевде туура берилген. Мунсуз анын методологиясын туура аныктап, анык жолго коюу кыйын. ХХ кылымдын башындагы кыргыз адабияты (1900-1917) бөлүмүндө фольклордон башат алган адабияттын акындар чыгармачылыгында андан ары профессионал жазма адабиятка өтүү процессинин эволюциялык мүнөзү ачылат. Бул мезгил башкалардан кыйла айырмаланган, өзгөчөлөнгөн мезгил болчу. Муну автор тарыхый-маданий кырдаалдын контекстинде билгичтик менен анализдеп, туура жыйынтык-бүтүмдөрдү жасаган. Ошол мезгилдеги тарыхый-маданий кырдаалдын минтип кенен сунуш кылынышы методологиялык жактан алганда абдан эле туура. Анткени адабий-маданий мурастардын жаралышына, алардын идеялык-тематикалык салмагына барып-келип ошол кырдаал таасир кылат эмеспи. “Жаңы социалистик коомдогу кыргыз адабиятынын жаралышы жана калыптанышы” деген ири бөлүмдө автор улуттук адабияттын тарыхын өзү сунуш кылган мезгилдештирүү принцибине ылайык 1917-1940-жылдар менен чектейт. Ошондогу коомдук-маданий кырдаалдын улуттук адабиятка карата таасири айтылып келип, поэзияга өзүнчө, прозага өзүнчө, дарамтургияга өзүнчө токтолот. Ушул бөлүмдө кинодраматургияны да унуткан эмес. Айта кетүүчү маселе, мындай көрүнүш окуу китептерин жазуу тажрыйбасында жаңылык нерсе, кинодраматургия улуттук маданияттын кыртышында карала турган жанр болгону менен анын пайдубалында, түпкүрүндө адабият жатат. Мен мында сценарий тууралуу айтып атам. Ошондуктан улуттук адабияттын тарыхында кинодраматургиянын кошо каралышы асыресе уникалдуу мүнөзгө ээ болгон көрүнүш.
Кыргыз адабиятында социалисттик реализмдин калыптанышы чакан бөлүмдө каралганы менен автор мында буга чейин калыптанып калган идеологиялык адабий доктриналарга кайрадан кайрылганы байкалат. Идеологиялашкан адабияттын шартында буга башка өңүттөн карап, баа берилип жүргөнү айгине болчу. К.Артыкбаевдин пикиринде: “Эгерде алдыңкы маданияты бар орус эилинин адабияты жол көрсөтүп көмөктөшпөсө, башка советтик элдер менен тыгыз карым-катышта болбосо, ошондой эле дүйнөлүк маданият, адабият менен таанышпаса, кыргыз эли он беш-жыйырма жыл ичинде өзүнүн жаңы жазма адабиятын түзүп, анын баардык жанрын өздөштүрүп, жаңы чыгармачылык методду өзүнүн улуттук адабиятынын тажрыйбасында иштеп чыгып, таанымал адабияттардын катарына кошула албайт эле” [104-б.]. Ырас, соңку мезгилдерде айрым окумуштуулар социализмди биротоло жерип, ал коомдон эч бир алгылыктуу нерсени көрбөй, социалисттик реализм методун жалаң гана коммунисттик режимдин камчысы катары баалаган, айтылып, жазылып жүргөн пикирлер да жок эмес. Канткен менен тарыхый факт өзүнүкүн бербейт. Экинчи жагынан, мында кеп болуп жаткан бул эмгек улуттук адабияттын тарыхы боюнча жазылган. Буга азыркы мезгилдин учурдагы контекстинен туруп мамиле жасоо, бери дегенде тар ойлом. К.Артыкбаев да мындайга караманча каршы эле. Сөз болуп жаткан бөлүмүнө автор Касым Тыныстановдун адабий портретин кенен сунуш кылган. Мунун өзү логикага сыйымдуу, ансыз улуттук адабияттын жаралуу, телчигүү, калыптануу мезгилин элестетүү мүмкүн эмес эле. К.Тыныстановдун чыгармачылыгына айрым авторлордой үстүрт эмес, ичкертен баам салып, анын бүтүндөй мурасын ошол мезгилдин контекстинде жеткире баа бере алган. Анын бир дагы чыгармасын калтырбай, ар бирине адабий аналитикалык ойлорун, пикирин көшөрүп жазыптыр.
Касым Тыныстановдун жыйырманчы жылдардын башында казак тилинде жазылган “Таң”, “Бүгинги күн”, “Алачка”, “Булбулга” алгачкы ырларынан тартып, 1927-1931-жылдардын аралыгында эми өз эне тилинде жазылган “Ант беребиз дагы да”, “Таң нурунда”, “Социалисттик талаада”, “Трактор” аталыштагы ырларынан тарта “Жаз”, “Кыш”, “Жайлоо” (пейзаждык лирикасы), “Айрылуу”, “Алданган сулуу”, “Кышкы түндө”, “Ырдаба, сулуу, кыйнаба”, “Эриксиз ажырашканга” чейинки махабат лирикаларына чейин кенен анализдейт. Айта кетели, булардын көбү ушул күндөргө чейин кеңири адабий анализге алына элек болчу. Касымдын ар кандай жанрдагы чыгармачылыгына карата анализ жүргүзүп келип, К.Артыкбаев анын фольклордун негизинде жазылган “Жаңыл Мырза” поэмасына өзгөчө маани берип, ошого басым жасап талдаган. Адабий-аналитикалык кенен талдоолордон соң маселеге карата туура жыйынтык-корутунду жасоо милдети болот. К.Артыкбаев муну да жакшы түшүнгөн. Ал К.Тыныстановдун совет доорундагы кыргыз элинин жазма адабиятын баштоочуларынын бири катары ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхынан алган ордун белгилейт. Касымдын болгону бир гана ырлар жыйнагы жарык көргөнү менен идеялык-эстетикалык сапаты жагынан анын адабий мурастары өз мезгилдештеринин деңгээлинен кыйла жогору болгонун адилеттүүлүк менен айтат. Касымдын ошол жылдары эле илимди түшүнүп, тил илимине негиз салуучу катары бааланганы да автор тарабынан белгиленгени адилеттүү болуптур.
Качкынбай Артыкбаевдин мында сөз болуп жаткан окуу китебинин кийинки маанилүү бөлүмү – Улуу Ата мекендик согуш жана андан кийинки мезгилдеги кыргыз адабияты. Буга автор 1941-1960-жылдарды киргизет, мунусу да мезгилдештирүү принцибинин критерийлерине ылайык келип турат. Маселеге карата анализ жүргүзүүнүн артыкбаевдик манерага ылайык ошол мезгилдин коомдук-адабий кырдаалына баа берип, адабий мурастардын ошол абалга жараша жаралып жатканы, буга чейин биздин адабият таанууда толук кандуу талдоого алынбай жүргөн чыгармаларга карата туура анализин жасагандыгы менен бөлүм баалуу. Адаттагыдай эле автор мында поэзия, проза, дараматургия жана кинодраматургия жанрларын кенен талдап келип, бөлүмгө Мукай Элебаев, Жоомарт Бөкөнбаев, Жусуп Турусбеков, Алыкул Осмонов, Райкан Шүкүрбеков жана Мидин Алыбаевдин адабий портреттерин сунуш кылат. Адабий процесстеги бул мезгилдин тээ алгачкы, телчигүү, калыптануу жылдарындагы абалынан идеялык-тематикалык, мазмундук-формалык, композициялык, проблематикалык жактан кыйла бийикке көтөрүлгөнү окуу китебинде ынанымдуу факт-аргументтер менен берилген.
Кийинки ири бөлүм алтымышынчы-сексенинчи жылдардагы улуттук адабияттын идеялык-көркөмдүк, жанрдык-тематикалык жактан өсүү, өнүгүү тенденциясына арналып, автор мында 1961-жылдан 1984-жылга чейинки мезгилдик мерчемди анализге алуу милдетин койгон. Мунун да себеп-жөнү бардай. Анткени сексенинчи жылдардын ортосунан тарта адабий мурастарга карата мамиле кескин өзгөрүп, эми адабий-маданий мурастарга болгон мамиле тарыхый аренадагы кайра куруу жана капитализм дооруна өтүү мезгили менен шартталган абалда болду. Буга окуу китебинин кийинки бөлүмү арналган. Азыр улуттук адабий процесстин эң эле жандуу, көркөмдүк, идеялык жактан да баалуу, тематикалык жактан бай, кенен этабы алтымышынчы-сексенинчи жылдар тууралуу кебибизди бөлбөй туралы. Бул жылдардын драматургиясы да, прозасы да, айрыкча поэзиясы мурда болуп көрбөгөндөй бийиктиктерди алганы тууралуу китептин автору адилет белгилейт. Бөлүмдө адабий портреттердин сунуш кылынганына назар салыңыз: Аалы Токомбаев, Касымалы Баялинов, Касымалы Жантөшев, Кубанычбек Маликов, Абдрасул Токтомушев, Темиркул Үмөталиев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Насирдин Байтемиров, Чыңгыз Айтматов, Токтоболот Абдумомунов, Сүйүнбай Эралиев, Шүкүрбек Бейшеналиев, Төлөгөн Касымбеков, Жалил Садыков...
Ошол жылдары прозада элден кем эмес эмгектенген Касым Каимовдун, Аман Саспаевдин, драматургияда Бексултан Жакиевдин, Мар Байжиевдин, Шатман Садыбакасовдун адабий портреттери негедир кирбей калганы таңкалычтуу. Катарга “кирбей калганы” демекчи, К.Артыкбаевдин 1985-жылы жарык көргөн (ушул китептин алгачкы, мурдагы мууну) “Кыргыз совет адабиятынын тарыхы” окуу китебинде жалпы обзордук маалыматтарга да, адабий портреттердин тизмесине да кыргыз романистикасынын чебери Төлөгөн Касымбековдун кирбей калганы ошондо көбүбүздү таңкалтырган, жадесе, ошол жылдары басма беттеринде макалалар да чыгып кеткен эле (алардын айрымдары объективдүү айтылганы менен айрымдарына субъективдүүлүк мүнөздүү болгонун айта кетүүм калыстык болоор эле). Эми бул башка маселе деп туралы. Качкынбай Артыкбаевдин улуулугу – ошондогу кетирген кемчилдиктерин моюнга алып, “тарыхынын” бул редакциясында айрыкча Төлөгөн Касымбековдун адабий мурастарына атайын көңүл токтотуп, анын ар бир чыгармасына кенен талдоо жасаганында. Т.Касымбековдун айрыкча “Сынган кылыч”, “Кел-кел” романдарына удаа жазуучунун “Баскын”, “Кыргын” романдарынын тарыхый, идеялык, көркөмдүк баасын жогору көкөлөтө баалаганы болду. Жазуучунун чыгармачылыгына карата К.Артыкбаев мындай жыйынтык-бүтүм жасайт: “Кыргыз элинин башынан өткөн эң орчундуу тарыхый мезгилин – Россиянын кыргыз жергесин каратып алуу учурдун жана ошол тарыхый кырдаалдагы эл турмушунун нукура чындыгын алгачкы жолу тарыхый роман түрүндө көркөм чагылдыруу менен жазуучу Төлөгөн Касымбеков кыргыз адабиятынын масштабына тарыхый роман жазуунун классикалык үлгүсүн жакшы баштап берүүгө жетишти. “Сынган кылыч”, “Кел-кел” тарыхый романдары менен Төлөгөн өлбөстөрдүн катарына кирди” [540-б.]. Адабиятчы, сынчы Кеңешбек Асаналиевдин “Тазбаймат кимди унутту?” дегендей проблемалуу маселе койгону сыяктуу (ырас, анын ал макаласынын объектиси менен предмети башка!), этаптуу эмгек жазууда улуттук адабияттагы масштабдуу романдардын кирбей, “унутулуп” калышы, чынында акылга сыйбас көрүнүш эле. Жок, аны өз мезгилинде моюндап, кетирген каталарын кайра оңдоо жагы адабиятта, айрыкча илимде көбүнүн колунан келе бербеген иш го! Балким, Качкынбай агайдын улуулугу да мына ушунда...
Качкынбай Артыкбаевдин “тарыхында” адабий процессти мезгилдештирүү принцибинин дагы бир туура жана алгылыктуу жагы ушул болду – идеялык-мазмундук жагынан бири экинчисинен кескин айырмаланып турган эки мезгилдин, “эки адабий процесстин” жалпылыктарын да эске алып, бирок айырмаланган мезгил адабиятын бөлүп көрсөткөндүгүндө болду. Тарыхый жашоо мүнөзү окшош болгон элдердин адабиятында (ошол эле казактар менен өзбектерде, тажиктер менен түркмөндөрдө) “кайра куруу же капитализмге өтүү мезгилинин” адабияты жок. Бар болсо да алар адабий процесстин өзүнчө турган этабы катары карашпайт. К.Артыкбаев бул мезгилдин да адабий портретин мезгилдин тарыхый контекстинин призмасына салып карай алган, алгылыктуу жыйынтык-бүтүмдөрдү чыгара алган. Муну мен автордун мурда жарык көргөн “Кыргыз совет адабиятынын тарыхы” (1985) окуу китебинен кескин айырмаланган, маселеге кыйла кенен караган редакциясы мына ушул окуулук дегим келип турат. Ырас, ал жылдары биз баарыбыз соцреализм методун карманбаган адабияттын мезгилин, кайра куруу же капитализм мезгилине өтүү адабиятына күбө болушубуз мүмкүн эмес болчу. Тарыхый жактан алганда да бул өзүн-өзү актай ала турган эле нерсе го. Колубуздагы окуу китебинин мурдагысынан кескин айырмаланган экинчи бир белгиси – мында автор кытай кыргыздарынын адабиятын өзүнчө бөлүм иретинде кошкондугунда болду. Бул логикага сыярлык эле көрүнүш. Анткени башка өлкөдө өмүр сүрүп жатканына карабай, алар кыргыз улутунун жарандары, алар жазган адабияты кыргыз адабияты болбой таш болмок беле?.. Ие, санай берсек сөз болуп жаткан окуу китебинин артыкчылыктары арбын, кези келгенде кенен кеп кылаарбыз. А азырынча мына ушулар менен чектелип туралы. Айтса-айтпаса төгүнбү, К.Артыкбаев качандыр жазылышы керек болгон, бирок эч ким белсенип киришпеген окуу китебин жазып калтырды. Бул улуттук адабият менен маданияттын өзгөгө бергис олжосу.
Ошентип, профессор Качкынбай Артыкбаев адабият таанууда, улуттук адабият менен маданияттын тарыхында, адабий сында, поэзияда, публицистикада жемиштүү иштеди. Ал он жети окуу китебинин (мында биз алардын бирөөсү тууралуу гана кеп кылдык), ондогон окуу куралдарынын, программалардын, он эки адабий-изилдөө, адабий-сын китептин, беш монографиянын, он чакты ырлар жыйнагынын, беш жүздөн ашуун макаланын автору. Филология илимдеринин доктору, анын илимий жетекчилигинин астында филология илимдеринин ондон ашуун кандитаты даярдалды. Эл аралык Айтматов академиясынын академиги, өмүрүнүн он чакты жылын басма сөз тармагында: гезит-журнал, басма редакциясында иштеп, жазып такшалды. Кыргызстан жазуучулар жана журналисттер союздарынын мүчөсү. Жыйырма жыл ашуун убакыт филология илимдери боюнча кандидаттык, докторлук диссертацияларды коргоо боюнча ведомстволор аралык диссертациялык советтин окумуштуу катчысы жана мүчөсү болду. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын, Жусуп Баласагын атындагы сыйлыктын, “Ардак белгиси” орденинин, “Даңк” медалынын, “Эмгектин ардагери” медалынын ээси. К.Артыкбаев “Мезгилдин мага болгон бул өңдүү көңүл көтөрүүчү сый-урматына кулдугум бар” [652 б.], деген ыраазычылыгын сөз болуп жаткан китебинде айтыптыр...
Убакты-сааты, мезгили келгенде К.Артыкбаевдин кыргыз адабиятынын тарыхын жазуудагы эмгектери тууралуу дагы кенен сөз болор. Бул гана эмес, анын адабий сынчылыгы, адабият теоретиги, акындыгы, публицисттиги, мамлекеттик тилге көргөн камкордугу, Жусуп Баласагындын (орто кылым түрк адабияты) мурастарын, анын ысымын түбөлүк калтыруу боюнча түйшүктүү да, жемиштүү да аркеттери тууралуу кесиптештери айтышаар, жазышаар...
Буюруп, ушул жылдын күз айларында окумуштуу агайыбыздын, жакшы санаалаш кесиптеш агабыздын токсон жылдык маареке аземинде, ал боюнча уюштурула турган эл аралык илимий-практикалык конференцияда дагы көптөгөн кызыктуу кептер, каалоо-тилектер айтылаар... Менин мында алдын ала айтарым: тек гана пейили таза адам, жакшы кеңешчи, чыгаан илимпоз, жаркын кесиптеш катары элеси биздин эсибизде дамамат сакталат...