Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төлөнбек Абдыров: “Кескин реформа экономиканы акырындап жолго салат”

Төлөнбек Абдыров: “Кескин реформа экономиканы акырындап жолго салат”

22-январь, 12:54
2 454 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өлкөнүн экономикалык көйгөйлөрү арбыды, туңгуюкка кептелгендей болдук, бирок аны чечүүнүн жолдору барбы? Пандемиянын таасири күчөп турганда бизнес чөйрөсү менен ишкерлик кантип алдыга жылат?  

-- Экономикабыздын абалын көрүп турабыз. Аябай кыйын учурга кептелдик. Бул деген биздин эле экономикада эмес дүйнөлүк процесс. Пандемия баарыбызга катуу кыйынчылык көрсөтүп жатат. Эгемендүүлүк алган жылдардан бери эле экономикабызга жакшы көңүл бурбай койгонбуз. 

Мисалы, жаңы эгемендик алганда жалпы ВВП түзүлө турган дүң продукциясы башкача түзүлгөн. Анын 33%ы айыл чарба, 27%ы өндүрүш продукциясы, 7%ы курулуш тармагы, ал эми 33%ы тейлөө тармагы болчу. Ага соода жүрүшү, ар кандай акыларды көрсөтүү, жүк ташуулар, мейманкана, ресторан болобу – баары тейлөө тармагына кирчү. Бүгүн карап көрсөңөр, баары өзгөрдү.

Эгемендүүлүк алгандан бери 30 жыл өткөндөн кийин ошол структура өзгөрүлүп кетти. Мисалы, 12%ы айыл чарба продукциясы, 17%ы өндүрүш продукциясы,  курулуш тармагы 10%га түшүп кеткен. 50%дан ашыгын тейлөө тармагы түзөт.  Тейлөө болгондон кийин мейманкана, туризм, соода ж.б. тармактардын баары коронавирус илдети курчугандан бери жалпы жабыр тартып турат. Демек,  салыктар түшпөй калды. Кыйынчылыктын баарын ошондон көрүп жатабыз. Биз эң алгач түзүлгөн структурабызды оңдоп, айыл чарба, өндүрүш продукциясын көбөйтүшүбүз керек. Курулуш тармагын дагы өнүктүрүү шарт. 

Андан тышкары, жаңы кластерлерди түзүү милдетибиз. Ал үчүн инновациялык жактан өнүгүп, жасалма интеллектти киргизишибиз керек. Ошолордун баары ишканалардын иштеп туруусуна шарт түзөт. Инвестиция тартуу үчүн кескин реформага муктажбыз. Криминалдык топтор менен күрөшүп, менчик жактарды коргоо каралышы зарыл.

-- Инвестициялык климат кантип жакшырат, жолго сала турган механизмдери барбы?

-- Инвесторлор келгенде алардын “менчигин коргойбуз” деп убада берип, мамлекеттик чыгымдарды азайтып, интеллектуалдык менчикти коргоп беришибиз маанилүү. Ошондо заманбап технологиялар келе баштайт. Көз карандысыз сотторду түзүү – заман талабы. Укук коргоо органдарына да реформа кылып, жакшы кадамдарды жасасак эле экономикабыз өнүгүү жолуна түшөт. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер