Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Россия Украинанын кеминде 12 облусун ракеталардан аткылады

Россия Украинанын кеминде 12 облусун ракеталардан аткылады

16-ноябрь, 12:20
219 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Шейшембиде орус аскерлери Украинанын кеминде 12 чөлкөмүнө ракетадан сокку урду. Маанилүү инфраструктура бутага алынып, электр энергиясы жапырт өчүрүлүүдө.

Украинанын абадан коргонуу системасы Киевге багытталган төрт ракетаны атып түшүрдү. Аткылоодон башкалаада эки турак жай жабыркаганын шаар мэри Виталий Кличко билдирди. Бир кишинин каза тапканы маалымалды. Киевдин тургундарынын жарымы электр жарыгысыз калды.

Львов шаарынын мэри Андрей Садовый жарылуулардын добушу чыкканын, үйлөрдүн жарымы электр энергиясыз калганын айтты.

Кабарларга караганда, Харьков, Волынь, Днепропетровск, Житомир, Одесса жана башка облустар аткыланды.

Украин президенти Владимир Зеленский Россия согуштун 8 айында Украинага каршы дээрлик 4 жарым миң ракета чыгарганын буга чейин билдирген.

Октябрдын башында Крым көпүрөсү жардырылгандан кийин Москва Киевди айыптап, орус армиясы Украинанын энергетикалык инфраструктурасын бутага алып келатат.

Дүйшөмбү күнү НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг "Путин Украинаны кышында жарыксыз, жылуулуксуз калтырууну көздөйт" деп билдирген.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер