Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил Турдукулов: “Садыр Жапаров сөзүнө туруп, мафиялык система менен күрөшүүдө”

Адил Турдукулов: “Садыр Жапаров сөзүнө туруп, мафиялык система менен күрөшүүдө”

24-июнь, 12:41
2 528 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Чимкирик” депутаттардын көпчүлүгү Өмүрбек Бабановду, Асылбек Жээнбековду жана Төрөбай Зулпукаровду колдошуп, буларды түрмөдөн чыгарууга кепилдик беришип, кол коюшканын кандайча баалайсың? 

-- Мурунку камоолор (мисалы, ошол эле Жумалиевди) көбүнесе “кустуруу” аракети болсо, азыркы саясый лөктөрдү зынданга түшүрүү – бул эл аралык сотто Кумтөр боюнча келишимди жокко чыгаруу максатында кетүүдө. Анткени глобалдык корпорацияны жеңүү үчүн буга экс-президенттер, өкмөт башчылары, депутаттар да тийштиги бар экенин далилдеш керек. Электораты бар, финансылык ресурстары кенен саясатчыларды кармап жатканы – Кыргызстанда мафиялык система орноп келгендигин далилденге аракет. Укуктук базабызды бекемдөө процесси болуп жаткан катары түшүнсөк болот. Садыр Жапаров сөзүнө туруп,  негизги элге берген убадасын аткарып жаткандыгын баалашыбыз керек. Ал эми “чимкириктердин” коллегаларын колдоп жатканы түшүнүктүү, анткени, эртең аларды да ошондой тагдыр күтүп калышы мүмкүн. 

-- Президент Садыр Жапаровдун жүргүзгөн саясаты менен парламент карама-каршылыкка келип калган жокпу? 

-- Эми Садыр Жапаров Конституцияны эмне үчүн өзгөрткөнү түшүнүктүү болду окшойт. Анткени, ал Кумтөр менен келишимди жокко чыгарарда “чимкириктерден” тоскоолдукка дуушар болгонун алдын ала баамдаган. Аларды алсыратып, бийликти бир муштумга бириктирип, кылым афёрасын ачыкка чыгарганга киришти. Эми ичи калтырак Жогорку Кеңеш эч нерсе кыла албайт. Бир гана камалган саясатчылардын колдоочулары мыйзамсыз каршылыкка киришпесе болду. Мисалы, жол бууп, же жергиликтүү бийликтин имараттарын басып алуу сыяктуу. Бирок бул чагымчылдыкты болтурбоого күч органдарынын дарамети жетет (!) деп ишенем. 

-- Негизи коррупцияга каршы күрөш кандай алкакта жүрүүдө? Колдоого арзыйбы? Инвестициялык климаттын начарлаганы, бул жааттагы көрсөткүчтөр түшүп кеткенин кандай бааласак болот? 

-- Мамлекетик чиновниктер коррупцияга аралашса камай берсин, мени кооптондурганы – ишкерлерди да камай баштаганы. Аларга аябай аяр мамиле кылышыбыз керек. Ишкерлер жумуш орундарды түзөт, салык төлөйт, сырттан акча алып келет, экономиканы кыйроодон сактап турат. Аныгында, Кыргызстанда бизнес өнүктүрүүдө кээ бир мыйзамсыз ишке да барганга мажбурсуң. Баягы эле бажыдан өтүш үчүн пара бериш керек, кайсы бир лицензияны алууда да ошондой. Тендерден утуу – мунун баары акча менен бүтөт. Ошол себептен бизде бизнестин басымдуу бөлүгү көмүскөдө. Буга биринчиден ишкерлер эмес, негизги оюнчу – мамлекет күнөөлүү. Ошондуктан бийлик өздөрүнөн башташ керек. 

-- Президенттин кадр саясаты купулга толобу? Артыкчылыктар же кемчиликтер боюнча токтоло кетсең? 

-- Кадрдык саясат ырааттуу, баарына түшүнүктүү болушу абзел. Саясый күчтөрдөн көз каранды болбостон, мамлекеттик кызматка дасыккан кадрлар тартылышы керек. Азыр болсо баягыдай эле. Дайындалган кадрларды карап көрсөң, агасы-тагасы, тууган-уругу болуп чыга келет. Анан бир жаш баланы вице-премьер-министр кылып дайындап коюп, эки жумадан кийин камакка алынганы – бийликте дагы деле башаламан болуп жаткандыгынын белгиси, ар кайсы күчтөрдүн күрөшү уланганын айгинелейт. Мындай нерсе мамлекетти алсыратат. 

-- Бийликке карата сын-пикирлер көбөйүп баратат. Баардык тармактар кризиске бата берсе, аягында кандай көрүнүштү элестетебиз?

-- Туура, ар кайсы жактан тобокелдиктер каптап келатат. Коронавирус, чек ара чатагы, кымбатчылык, кургакчылык, энергокризис, шайлоодогу чырлар, ички-тышкы карыз, насыячылар... Бул чакырыктарды туура кабыл алып, эффективдүү күрөшүш керек. Ал үчүн бийликке, так айтканда, жеке Садыр Жапаровго элдин ишеними болушу кажет. Аны жоготуп алса, кайрадан 5-октябрдын экинчи вариантына күбө болобуз. 


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер