Карылыктын канттуу чайын ичкенче, Кандай сырлуу таңдар атып, кеч кирет...
Мезгил учат. Токтобойт. Кара чачка ак жаадырып, жүзүңө бырыш түшүрүп учат. Адам менен мезгилдин кармашы экен да бу. Ким күчтүү? Кимиси жеңет? Кыбыр эткендин баардыгына күбө төбөдөгү күн унчукпайт. Мезгил үндөбөйт. Бирок, мезгил жүрөккө келгенде алсыз. Ооба, алсыз. Анткени, ал келип кетүүчү. Жашап калуучу – жакшылык, ыр-өмүр, сүйүү...
Бүгүн биз Адашбек Ажыгулов ата менен баарлашып отурабыз. Философиялык ырлары, жакшылардын жарык өмүрүнө өмүр кошкон эскерүүлөрү жазылган китептерин окуп келгенбиз буга чейин. Бүгүн дидар кайып болуп, өзү менен жолугуп калдык. Суроо деле бербедим, жөн гана угуп отурдум. Улам бир өмүрүнүн жарк эткен учурларынан кеп салат. Жандүйнөсүнүн кубанганын көрөм. Таза экенин көрөм. “Жарк” эткен учурлар – күүлдөгөн тели-теңтуштарың менен чогуу жүргөн кездер эмеспи. Аягы суюлуп, алардын эч кимиси калбаптыр. Биз айткандай, ырлары, жакшылыктары жашап жатат...
Жетимишинчи жылдары кыргыз-совет адабиятында Алым Токтомушев, Табылды Муканов, Беганас Сартов, Курбаналы Сабыров, Тургунбай Эргешов, Шербет Келдибековага окшогон өзүнчө бир жаш таланттардын чоң толкуну пайда болгон. “Фрунзедеги Ленин заводунун алдында “Тоо жылдызы” аттуу адабий чыгармачылык ийрим түзүлүп, аны Беганас Сартов жетектеген. Ошол кездерде, 1971-жылы “Жүрөктөгү гүлдөрүм” деген алгачкы ырлар жыйнагым жарык көргөн. Ошо боюнча калем колумдан түшкөн жок” дейт акын атабыз.
Колумда Адашбек Ажыгуловдун “Орошон талант Какен Алмазбеков” деп аталган көлөмдүү китеби турат. Кызыктуу эскерүүлөр, ой толгоолор, ырлардан турат экен.
Поэзияга
Мага ыйгар деп дилдин мөлтүр тунугун,
Мага сеп деп залкар ойдун уругун,
Жай алдырбай жандүйнөмдү бийледиң,
Оо, жанбиргем поэзия, ыйыгым.
Эч танбастан күндө жуткан абамдай,
Сергектенсең, ыйыктыгың баламдай.
Бул жашоодон өтүп кетсем арман жок,
Сага болгон тунук сүйүүм таралбай...
Түшкөн кайран тишиме
Бөлөк тиштен өткүр элең, курч элең,
Тиш катары далай кызмат кылчу элең.
Шуру сымак кыдырата тизилген,
Көп тиштердин катарында турчу элең.
Сени менен жилик мүлжүп, эт жедим.
Андан бөлөк тамактарды көп жедим.
Күнүң бүтүп, түбүң бошоп түшкөндө,
Арсыздардан ич ачышып, эх дедим...
Агат экен бул өмүр
Учкул мезгил келечекке жеткирет,
Дал бүгүнкүң өңдөрү оңуп, эскирет.
Карылыктын канттуу чайын ичкенче,
Кандай сырлуу таңдар атып, кеч кирет...
Ооба, карылыкты ар бир жанга Кудайым насип этсин. Бирок анын канттуу чайын ичкенче кандай гана жолдордон, түздөрдөн, чөлдөрдөн, талаа, ашуу-белдерден өтөсүң. Жалган дүйнөнүн беш күндүк зуулдап өтчү сынагында адам бойдон калуу баарынан жогору тура...
"Азия Ньюс" гезити