Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шумкарбек Адилбек уулу: “Коңшулаш өлкөлөр менен инвесторлорду алып келүү боюнча чоң күрөш жүрүүдө”

Шумкарбек Адилбек уулу: “Коңшулаш өлкөлөр менен инвесторлорду алып келүү боюнча чоң күрөш жүрүүдө”

02-октябрь, 12:23
1 785 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин мурдагы директору менен маек.

-- Инвестиция министрлигинен Алмамбет Шыкмаматов кеткенден бери анын ордуна түрдүү талапкерлер сунушталды. “Таза, жаш кадр. Кыргызстанга көптөгөн инвесторлорду алып келген” деп сенин ысымың да аталып кетти. Инвестиция министрлиги кандай иштерди аркалайт? Кандай кадрлар керек?

-- Инвестиция министрлиги тууралуу кеп баштап, өткөн убакты эске алсак, инвестиция министрлиги болгонго чейин бул экономика министрлиги алдындагы агенттик болчу. Кийин өз алдынча агенттик болуп түзүлдү. Негизги максаты – Кыргызстандагы инвестициялык климатты жаратуу, Кыргызстанда жазылган мыйзамдардын негизинде инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда, мыйзамдарды ишке киргизүүдө аракет жүргүзгөн агенттик. Өз алдынча саясат жаратуучу органга айланганы – бул негизинен, албетте, керек болчу.

-- Эмне себептен?

-- Жок эле дегенде Орто Азия аймагын алганда инвесторлорду алып келүү боюнча абдан чоң күрөш болуп жатат. Себеби, өлкөгө жаңы технологиялар келет, кошумча финансы, тикелей инвестициялар агылат. Ошонун себебинен инвестиция үчүн күрөш жүрүп жатат. Эки багытта өлкө инвесторлорго кызыкдар. Кирешелүүлүк же рентабелдүүлүк десек болот. Экинчиден, инвестициялык климат, мыйзамдар, нормативдик укуктук ченемдик актылар. Ушул эки багытта иш жүргүзсө, өлкөнүн инвестициялык укугу жогорулап, бизди сырттан байкап турган инвесторлор келип, өз акчаларын салып, технологияларын алып келиши мүмкүн. Ошондуктан өзүнчө түзүлгөн инвестиция министрлиги болгондон кийин эң биринчи мыйзам талааларын, укуктук ченем актыларын, инвестициялык климатты толугу менен заман талабына ылайыктап жаңылап, модернизациялап, кайсы тармакка биз жеңилдик бере алабыз, кайсы тармакта кандай көйгөйлөр болсо кескин түрдө кыскартып иш жүргүзө алабыз – ушунун баары чечилиши кажет. 

Мурда биз иштеп жүргөндө көпчүлүк убакта биздин мыйзамдар бири-бирине карама-каршы келип калчу. Бир завод кура турган болсок, жер маселесинен баштап, свет, суу маселелерин чечүү зарыл.

Өзүнчө министрлик болгондон кийин ушул иштердин артында тыгыз иштөө  керек эле. Азыр иштеп жатышат го. Пандемия убагында, эки жакка чыккан инвесторлорду көзөмөлдөө курч кезинде убакытты уттурбай, мыйзамдарыбызды жөнгө салып алууга умтулганыбыз дурус. 

Өлкөнүн артыкчылыгы бар, кирешелүүлүгү күчтүү, табигый ж.б. пайда алып келе турган жактарды изилдеп, ушул тармакта татыктуу экономикалык негиздемелер менен долбоорлорду даярдап, сырткы инвесторлорго сунуштап иштесе болот. 

-- Бул тармакта татыктуу кадрлар барбы?

-- Албетте, ишин мыкты билген, уюштуруучулук иштери жогору кадрлар бар. Ошол эле убакта саясат жарата турган министрлик болгондуктан, мыйзамдар менен иштей билген, мыйзамдарды түшүнгөн, эки-үч тармакты камтый турган адистер керек. Башка министрликтерден тартып келип, же ички ресурстар менен мыкты кадрларды өстүрсө болот. 

-- Кыргызстанда инвесторлор менен иштөө деңгээли кандай? Айрым чиновниктер сол чөнтөккө өзүнчө акча талап кылат дегенге кошуласызбы?

-- Албетте, айрым чиновниктер өз кызыкчылыктарын жогору коёт. Андайлар менин практикамда көп болгон. Андай чиновниктерге чара көрүп келгенбиз. 

Бул кызматты ээлеген мамлекеттик ишкердин өзүнүн принциптеринин жоктугу, жеке кызыкчылыгын башка бир жакка колдонуусу жана жеке мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга шарт түзүлүп калганы (анын колу коюлмайын документ бүтпөгөнү) мыйзамдарда жазылып калган. Мыйзамдар бири-бирине каршы келип калганда, чиновниктер өз кызыкчылыктарын пайдаланышат. Бул жагынан дагы тыкыр иш жүргүзүү зарылдыгы турат.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер