Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлзат Аалиева: «Жийдегүл Семенова ондогон бейкүнөө жарандардын убалына калганы – тарыхый факт»

Гүлзат Аалиева: «Жийдегүл Семенова ондогон бейкүнөө жарандардын убалына калганы – тарыхый факт»

01-апрель, 19:13
3 168 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Философия илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер менен маек.

-- Арыбаңыз, Гүлзат айым! Бир-эки суроо бар эле. Сиз Венера Акматованын окумуштуулук даражасына соцтармактан сын пикир жазган экенсиз. Ал филология илимдеринин доктору, профессор болгону менен сабаты анчалык терең эмеспи?

-- Бар болуңуз! Ооба, мен филология илимдеринин доктору, профессор Венера Акматова айым тууралуу соцтармактарга сын пикир жазганым чын. Бирок, менин сын пикирим «Венера Акматова айым сабатсыз, же анын сабаты анча терең эмес» дегендикке жатпайт. Анткени, Венера Акматова айым 1-класстан 11-класска чейин советтик мектепте окуса, жогорку окуу жайында советтик педагог окумуштуулардан билим алган. Демек, Венера Акматова айым советтик билим берүүнүн натыйжасы катары, жетишерлик сабаттуу инсан. 

-- Венера Акматова саясат, дипломатия, экономика, дээрлик өнүгүү боюнча ойлорун айтып келет. Бул канчалык деңгээлде маңыздуу дейсиз? 

-- Биз демократиялуу өлкөдө жашагандан кийин, албетте, ар бир жаран коомдо болуп жаткан кубулуштар менен окуялар тууралуу өз оюн айтканга укуктуу. Бирок, ошол эле учурда окумуштуу адам илимий чөйрөгө таандык этиканы сактап, өзүнүн билими жана адистиги менен байланышпаган темалар боюнча дилетанттын деңгээлинде сүйлөгөнү туура эмес. 

Анүстүнө радикал маанайдагы динчилер кыргыз тилине жана «Манас» эпосуна оозго алгыс ыплас тилде асылып жатканда, ошондой эле кыргыз тили менен «Манас» эпосун ашепке динчилердин агрессиясынан коргогону үчүн улуттук интеллигенциянын 30дан ашуун алдыңкы өкүлдөрү соттук куугунтукка алынып жатканда оозуна суу толтуруп, балык болуп унчукпаган филолог айым күтүүсүз жерден эле Трамп менен Путин да чече албаган дүйнөлүк көйгөйдүн баарын чече турган түр көрсөтүп, чекесин тырыштырып-бырыштырып, биздин ата-бабаларга таандык теллурократиялык геосаясый цивилизацияны максаттуу түрдө ачык да, тымызын да маанайда талкалап келген талассократтарды асман-айга жеткире мактап, уюткулуу улуу журтту «өксүк комплекстүү эл» деп атап, сөөмөйүн чычайтып кыргыздарга акыл үйрөтүп калганына, чынын айтсам, абдан таңкалдым. 

-- ЖМКлардан окуп жүргөндөй, эксперт Жийдегүл Семенованын талдоосунан көп адамдар жабыркап, чындык чыркырап келеби?

-- Ооба, өзүн «филология илимдеринин кандидаты жана эксперт» деп атаса да, өтө эле сабатсыз деңгээлде, орусча айтканда, «тяп-ляп» мүнөздө аткарылган эксперттик тыянактары менен даңкы далайга, атагы Алайга жеткен Жийдегүл Семенова жүздөгөн болбосо да, ондогон бейкүнөө жарандардын убалына калганы – тарыхый факт. 

Бул жерде өзгөчө белгилеп кете турган жагдай: светтик Кыргыз Республикасынын аймагына халифат курууну каалаган радикалдуу динчилердин кылмыштуу буюртмаларын Жийдегүл Семенова аттуу жаран кынтыксыз аткарып, улуттук интеллигенциянын 30дан ашуун алдыңкы өкүлдөрүн соттук куугунтукка алуу ишине тоодой эмгек сиңирген. 

Расмий эмес булактар боюнча Жийдегүл Семенова аттуу жаран өз ыктыяры менен жумуштан кетип, азыр ал КР юстиция министрлигинин алдындагы соттук-эксперттик кызматта иштебей калыптыр. Ошого карабастан, Жийдегүл Семенова аттуу жаран бизге белгисиз себептерден улам КР мыйзамдарын да, жарандардын укуктарын да одоно бузгандыгы үчүн эртеби-кечпи мыйзам алдында жооп берчү күн келет буюрса!  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер