Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Күйөөм менен кайненем көп ичишет, бирок урбайт...
Күйөөм менен кайненем көп ичишет, бирок урбайт...
18-январь, 12:38

Мен да көйгөйүм менен бөлүшүп, кеңешиңиздерди билгим келди. Мен айыл жерине турмушка чыккам, беш жылдан бери төрөй албай жатам. Проблема жолдошумда экен. Айылда иштеген ишим бар, баары жакшы, шүгүр, бирок күйөөм менен кайненем көп ичишет. Мага эч зыяндары деле жок, урбайт-сокпойт дегендей. Ушундай жашоо кызык деле эмес экен, мен аларды аяп эле жашап келем. Эгер сиз менин ордумда болсоңуз эмне кылмаксыз?
Нурия