Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Күйөөм менен кайненемдин мен жөнүндө сүйлөшкөндөрүн угуп, ыйладым”

“Күйөөм менен кайненемдин мен жөнүндө сүйлөшкөндөрүн угуп, ыйладым”

24-ноябрь, 11:44
3 221 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

...Дубалга жөлөнүп, көз жашымды төгүп турдум. Алар мени байкаган деле жок. Сүйлөшкөндөрүн уланта беришти. А мен ыйлаганымды уланта бердим. Ошол түнү экөөнүн ким экенин билдим. 

Бала жытына зар болуп жүргөнүбүзгө быйыл алты жыл болду. Баш кошкондон бери “балалуу болсок” деген тилегибиз күч. Барбаган жерибиз калбады. Баары сүйлөшүп алгансып, убакыт керек экенин айтышат. Бирок чыдап отуруу мүмкүн эмес эле. Баарынан жаманы – элдин сөзү экен. Күйөөм экөөбүз мунун айынан далай адамдар менен уруштук. Өздөрү күнөөлүү, бирөөнүн жеке жашоосуна кирүү маданиятсыздык экенин билишпесе, эмне кылалы? Ар бир тилегибиз бала болуп калды. Бирок, акыркы жылдары тагдырыбызга моюн сунуп бердик. “Болору болот” дедик дагы, жөн гана жашоону чечтик. Балага болгон көксөөбүз көкүрөктө жашынып калды. 

Кайненем сонун аял. Бирөө менен иши жок. Кыңылдап ырдап, жай басып жүрө берет. Даттанып, ыйлап чалсаң, «бала болбой сени, ошого дагы ыйлайсыңбы?» деп урушат. Элдин сөзүнө маани бербей эле коюшумду айтышат. Бирок мен өзүм баарын жүрөккө жакын кабыл алган жанмын. Жөн тура албайм. 

Бир жумадан бери кайненем биздин үйдө. Шаарга дарыланганы келген. Жумуштан келсең тамак даяр, үй жыйналып, кара мышыгыбыз агарып калган болот. Үйгө өзүнчө эле кут кирип калгандай. Күйөөм экөөбүз “кетпей эле коюңузчу” десек, «кара уйду торпогу менен, анан чалымды алып келип берсеңер, бул этажыңарда жашай берем» деп каткырат. Балкондо уй турганын элестетип боорубуз эзилип күлөбүз.

Жумуштан отчет бергенбиз. Чарчап келип бат эле уктап калгам. Көзүмдү ачсам, залда кайненем менен күйөөмдүн үнү угулат. “Уктай элек турбайбы” деп баратып, сүйлөшкөн сөздөрүн кулагым чалып калды.

-- Апа, келиниңиз аябай чүнчүп кетти. Элдин сөзү экөөбүздү тынч койбоду.

-- Анан эмне маани бересиңер? Өзүңөр күнөөлүүсүңөр. “Сүйлөй бергиле” деп коюп жүрө бергиле. Сонун келиним бар э, балам?

-- Ооба, келиниңиз сонун.

-- Билесиңби, жаңы келгенде боорсок жасайм деп атып, отко байпагын күйгүзүп алганын? - Экөө каткырды. Аларга кошулуп мен күлдүм. -- Баштан сонун күндөр өттү го. Ай, келиним назик, баарын жүрөгүнө жакын кабыл алат. Сен го жүрө бересиң. Ошон үчүн жакшылап кара, көзүңдү чукуйм! Баарынан ошого кыйын.

-- Карап жатам апа, болбой эле ыйлап жатпайбы.

-- Эки жакка барып эс алгыла, кичине романтик болсоң...

-- Апа, муну кайдан билесиз?

Экөө тамашалашып жатып калышты. Ортодон мени болушунча мактап, келгенимден бери жакшылыгымды гана көргөнүн айтышты. Жүрөгүм ушунча жылыды. Экөө кандай сонун адамдар экенин билдим. Аябай ыйладым. Анан байкатпай ордума барып жатып алдым. Буга чейин мен өзүмдү гана ойлоп жүрүпмүн. Кабагым бүркөлсө мага кабатыр болуп жаткан адамдар бар экенин унутупмун. Аларга деле кыйын экенин унутупмун. Экөөнө ыраазы болуп, “эртең башка адам болуп ойгоном” деп уйкуга кеттим.

bilesinbi.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер