Акыркы кабарлар
» Саясат » Президенттин буйругун аткарууда кайдыгерлик уланып атат
Президенттин буйругун аткарууда кайдыгерлик уланып атат
22-сентябрь, 19:39


Ушундай. Президент Садыр Жапаров “Тынчтык” жөнүндө мыйзамы боюнча кечки саат 22:00дөн кийин коомдук жайларда оюн-зооктор, салтанаттар, таң-тамашалар токтошу керек. Мындайча айтканда, элдин мазесин алган музыка, бака-шакалар болбой, эс алууга шарт түзүлүшү зарыл. Тилекке каршы, шаардын айрым жерлеринде мындай жөрөлгө аткарылбай келет. Тойлор түнгө чейин уланат. Такыр түшүнүксүз. Орган кызматкерлери “кызарган жерлерди” гана аңдый бербей, президенттин мыйзамын жүзөгө ашырууда тийешелүү милдеттерин аткарышса не? Бул боюнча жогорку жетекчилик көзөмөлгө алып, натыйжалуу аракеттерге өтпөсө болбой калды.
"Азия Ньюс" гезити











