Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабиров аркылуу Абидов Ош ОИИБ начальнигин 100 миң долларга сатып алганбы?

Сабиров аркылуу Абидов Ош ОИИБ начальнигин 100 миң долларга сатып алганбы?

16-февраль, 17:34
2 384 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош ОИИБнин начальниги Жеңиш Абидов бакиевдик кандуу режимде Свердлов РИИБге караштуу ГОМдун начальниги эле. “Дордой”, “Кербен”, “Оберон” ж.б. базарларды тескечү. Ошол жылдары каарманыбыз байлык топтоп, таасирдүү тааныштарды таба баштаган. Андагы “Кербен” базарынын директору Равшан Сабиров менен таанышып, жылуу алакадагы мамилелери башталат. Эмне үчүн өткөн чактан кеп баштадык? Эмесе, дыкат көңүл бургула.

Агезде булар кичинекей гана фигуралар болчу. Экөө тең базардан баар табышып, “соода мүнөзүндөгү” тыгыз кызматташуусу уланыптыр. Кийин жолдору эки айрылышка кетишсе да, мамилелери сакталып калат. Равшан Сабиров ишкерликтен саясатка келип, 2010-жылдан кийин депутат, министрлик даражага чейин көтөрүлүп, аягы пара алууга шектелип, түрмөгө түшөт... Жеңиш Абидов ИИМ системасындагы ортозаар деңгээлдеги кызматкер. Мынчалык карьералык секирик жасарын эч ким деле күткөн эмес. Аймактардагы ички иштер бөлүмдөрүндө начальник катары элдир-селдир жүрчү. Билими, жетекчилик сапаттары өздүк курамда дайыма сын-пикир жаратканын жашыра албайбыз.

Ошентип, 2020-жылдын декабрь айында күтүүсүздөн эле Жеңиш Абидов Ош ОИИБнин начальнигине дайындалды. Көптөр түшүнбөй калышты. Себеби, анын деңгээлин билгендер кылмыштуулук жагынан Сицилияга салыштырылган Ош облусунун коомдук коопсуздук абалын тескей албай турганын айтышкан. Кандайча рекорддук секирикке барганын көпчүлүк түшүнбөй жатышканда, биз агездеги вице-премьер-министр Равшан Сабировдун кийлигишүүсү менен аталган кызматка дайындалганын эшиттик. Эски тааныштар бири-бирин жөлөп-таяганга жараптыр. Ушул жерден кызыктуу собол салалы. Кечээги базар түшүнүгүндөгү эргулдар соодалашуунун таризинде Ош ОИИБни 100 миң долларга баалашканбы? “Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” демекчи, учурда өздүк курамдагы ушул боюнча айтылган күбүр-шыбыр кептерди кантебиз? 

Баса, Сабиров менен Абидовду жакындаткан дагы бир жагдай – экөөнүн Кара-Суу районунан болгондугу. Жердештер. Алыш-бериш, соода-сатыкты жакшы түшүнгөнүн элестете бергиле...
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер