Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атбашылыктар эмнеге логистикалык борборду курууга каршы?

Атбашылыктар эмнеге логистикалык борборду курууга каршы?

13-февраль, 20:40
1 804 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ат-Башы жергесинде Кытай кура турган логистикалык борбор же нары, же бери болбой турган чак. Бул жерди бирөө “ачпаш керек” десе, дагы бири “эч токтотпостон ачыш керек” деп жер муштап турган чагы. Эң башкысы, өкмөт жана атбашылык “чоңдор” элдин кыжырына тийишип, алгач калпыс мамилелери менен кырдаалды чыңалтып жиберишкен. Жумшак, түшүндүрүү иштери аркылуу караңгыдан көз тапкандай пайдалуу аракеттерге барышса болбойт беле?..

Гүлзат Аалиева, философия илиминин кандидаты:

-- Теңир-Тоонун өзөгүндө жайгашкан Ат-Башынын кызы жана жогорку окуу жайларында геосаясат боюнча дарс окуган адис, 2010-жылы чыккан “Китай во внешней политике Кыргызской Республики: проблемы и перспективы” деген чоң илимий монографиянын автору катары Ат-Башы элинин гана эмес, жалпы Кыргызстандын Lebensraum'у (геосаясый жашоо мейкиндиги) кытайларга берилүүсүнө каршымын! Элимдин келечегин ойлоп, санаам санга, оюм онго бөлүнүүдө. Ат-Башынын карапайым эли эмес, ЖОЖдо лекция окуган мен үчүн Ат-Башыга логистикалык борборду куруу иши баш ооруткан көйгөй болуп турат. Анткени, карапайым жарандар бул көйгөйдүн юридикалык негиздери менен механизмдерин ачык, так түшүнө албай жатышат. Кыргыз Республикасынын жер кодекси боюнча коомдук жерди 49 жылга арендага берүү укугу кимге берилген?  Айылдык кеңештин депутаттарынабы? Айыл өкмөт башчысынабы? Интернет булактарында Ат-Башынын бир айылынын (менимче, Ак-Талаа айылы болсо керек) айылдык кеңешинин депутаттарынын Ат-Башынын жерин 49 жылга эмес, мөөнөтсүз мезгилге арендага берүү тууралуу чечими жүрдү эле. Бул чечимдин юридикалык күчү канча? Эгерде Ак-Талаа айылынын айылдык кеңешинин депутаттары ошол келишимди кабыл алганы чын болсо, анда ал чечимди кабыл алууга бийлик тараптан ким таасир этиши мүмкүн? Эгерде Ак-Талаа айылынын айылдык кеңешинин депутаттары бийлик тараптан болгон кысымдын натыйжасында же жемкорлук схемасы боюнча жерди Кытайга беришсе, анда ошол айылдык депутаттар менен айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбөөчүлүк көрсөтүү процедурасын баштоо жана аларды Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин беренелери боюнча жоопко тартылуусу абзел!

Кубан Чороев, экономист:

     -- Кыргызстандын жер-жерлеринде ишкана ачып атканда жергиликтүү калктын кызыкчылыгы өлчөмдүү түрдө камтылбай калып атканына ар дайым күбө болуп келебиз. Ошол эле Ат-Башыда курула турган логистикалык борбор аркылуу Ат-Башы, Нарын элинин экономикалык жана башка жактан пайда таба турган кызыкчылыктарды азырынча көргөн жокмун. Калктын экономикалык-социалдык маселелерин логистикалык борбор түп-орду менен чече ала турган болуш керек. Бирок, маселе бул жерде өкмөткө, жергиликтүү бийликке болгон ишеним жакшы болбогондуктан, ал жактын эли күмөн болуп, “ит жыгылыш” болуп аткансыйт. Кандай гана ишкана курулбасын, элдин үлүшү болуусу шарт. Эгер ошондой болсо, чечим чыгарууда тургундар өздөрү колдой турган ишкана болмок. 

Олжобай Шакир, эркин журналист:

     -- Курулса сонун эле болгону турат. Ансыз да элдин баары жумушсуздуктан өз элин, жерин таштап, чет мамлекетке кетип атат. Ички-тышкы миграцияны бийлик токотото албай атат. Кыргыз-Кытай эли алмустактан бери кошуна-колоң жашап келебиз. Анан Кытайдан коркуп кайда качып барабыз? Мурундун учунан алысты көрө албай атат окшойбуз. Эл аралык норма менен иш жүргүзүүдө, бирөөнүн жерин бирөө басып алуу болбойт. Ал жерди Кытайга ижарага берүүдө саясый оюндар жүрүшү мүмкүн. Ошол эле Россия кийлигишип аткандыр. Анткени, кыргыздардын Кытай менен болгон алакасы орустарга жакпай жаткандыр, “биз турсак” дегенсип. Азияны колдон чыгарып ийчүдөй болуп. Биз андан көрө Кытай менен келишим түзөөрдө кыргыз элинин кызыкчылыгы биринчи турушу керек. Ушуну эч качан эсибизден чыгарбасак. Мындай мүмкүнчүлүктөр бир кылымда бир келиши мүмкүн. Андай нерсени колдон чыгарбай, коррупциянын жытын жолотпой, логистика-индустриялык борборду ачуубуз керек.     


Сурат Жылкычиев

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер