Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кант шаарынын тургуну каза болгондон кийин коронавирус аныкталды

Кант шаарынын тургуну каза болгондон кийин коронавирус аныкталды

21-апрель, 14:30
468 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кант шаарында вирус жуктурган 70 жаштагы аял киши каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазып чыкты.
 Маалыматка караганда, анда вирус бар экендиги каза болгондон кийин такталып,
 сөөгүн ооруканадан жакындары алып кетишти.
«Негизи өзүнүн өтүшүп кеткен оорусу бар экен. Бирок вирус дагы жуккан. Ал ооруп каза болгондон кийин вирус бар экени аныкталды. Учурда Кант шаардык ооруканасында медицина кызматкерлерин изоляцияга алышты», - деп айтылат маалыматта.
Бул боюнча өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Ысык-Ата районунун акимчилиги жооп берүүдөн баш тартышты.
Кант шаардык ооруканасындагы дарыгерлердин айтымында, алар изоляцияга алынып, тапшырган анализдери таза чыкты.
«Ал киши бизге оор абалда келген. Келген соң 3 мүнөттөн соң каза болду. Бизге кант диабети менен келген болчу», - дешти дарыгерлер.
 Буга чейин 2-апрелде Кант шаарында 22 жаштагы жигиттен биринчи жолу вирус аныкталганы кабарланган. Ал Москвадан келери менен аэропорттон обсервацияга алынган болчу.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер