Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бир жигит таштап кетсе, экинчиси гүл көтөрүп босогомо келди

Бир жигит таштап кетсе, экинчиси гүл көтөрүп босогомо келди

14-декабрь, 14:16
2 232 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мени азапка салышты... Кызыгы тараган эски оюнчуктай болуп заматта обочодо калдым. Канча ирет чалып, телефонун ала албаган сүйүктүүмдү микроавтобустун терезесинен көрдүм. Шаар борборунда жапжаш кызды жетелеп алып, бактылуу кетип баратты. 

Үйгө кантип жеткеним эсимде жок, сулк жыгылдым. Баары маанисиз, бул дүйнө кызыксыздай сулк жата бердим. Бир акылмандын ар бир оор окуя 72 саат убакыт өткөндөн кийин унутула баштайт деген кеби эсиме түштү. Сааттын чыкылдаганы гана угулат. Шыпты тиктеп, кудум жиндиканада жаткандай бир күн өттү. 

 Бир убакта эшиктин коңгуроосу басылды. Эч кимди көргүм келген жок. Бирок менин үйдө экенимди билгендей шыңгыратууну уланта берди. Акыры ачууга туура келет. Гүл көтөрүп кошуна бала турат. 

-- Тынччылыкпы? Сага эмне болду? - деп суроо узатты. Ар бир күнү менин келгенимди, кеткенимди көзөмөлдөп, сыртыман көз салып жүргөнүн, бүгүн сыртка чыкпаганыма кыжалат болгонун айтып жатты. Мен азап тарткан мырзадан сымбаттуу, жаш, билимдүү жигитти мурда эч байкабапмын. “Бул менин тагдырым” деп ичимден күбүрөндүм...


Жаркынай 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер