Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элдар Абакиров: “Өкмөт алып жаткан карызды эл төлөйт”

Элдар Абакиров: “Өкмөт алып жаткан карызды эл төлөйт”

03-сентябрь, 17:47
782 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адистердин айдымында, өкмөт эл аралык валюта фондунан кыска мөөнөттүү, тагыраагы, “он жана жыйырма жылдык убактытта төлөп беребиз” деген убада менен жүз миллион доллар насыя алууну палдандоодо. Мындай келишим 11-августта жетишилгени кабарланды. Экономист Элдар Абакировдун пикиринде, каражат мамлекеттик казынанын таңкыстыгын жабууга жумшалышы мүмкүн. 

-- Кыргыз өкмөтү эл аралык валюта фондунан жүз миллион доллар өлчөмүндө карыз алууну пландап жатканы белгилүү болду. Бул кредитке канчалык муктаждык бар? 

-- Кыргызстандын тышкы карызы ансыз деле аз эмес, муну баарыбыз жакшы билебиз. Бирок, буга карабастан өкмөттүн “дагы карыз алабыз” дегени өкүндүрөт.  Менин пикиримде, кыска мөөнөттүү, үстөк пайызы жогору болгон насыяларды алуу туура эмес. Бийликтегилер чыгашаны кыскартуу, мамлекеттик мекемелерди реформалоо, көмүскө экономиканы ачыктоо, коррупцияга бөгөт коюу сыяктуу кадамдарга баргандын ордуна, карыз алуу менен алек. Туура эмес жолду тандап жатышат.

-- Бул каражат кайсы тармакка, эмнеге жумшалышы мүмкүн?

-- Кредит кандай максатта алынып жатканы мага белгисиз. Жалпы бюджеттеги жыртык-тешикти бүтөгөнгө жумшалса керек. Алдын ала айтылган божомолдор боюнча, быйыл кризистин айынан республикалык бюджетте отуз-кырк миллиард сомдун тегерегиндеги таңкыстык жаралат. Жетишпеген ушул сумманы жабуу  максатында алынып жатса керек. Бирок, бул акчаны башка жактан деле тапса болот болчу. Өкмөт бизнеске жардам берип, колдоо көрсөтүп, алардын салыктарын өстүрүү менен алектенгендин ордуна, сырткы карызды көбөйтүп, “маселенин баарын ушундайча чечели” деген кыска ой жүгүртүү менен алектенүүдө. Казынадагы тартыштыкты насыя менен жабуу өтө жөнөкөй жол, ал үчүн баш оорутуунун кажети жок. Өкүнүчтүүсү, бул карыз айланып келип эле элдин мойнуна илине турган мүшкүл. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер