Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Зулушев президенттин кадрларын талкалап, анан жакындарына киришеби?..

Зулушев президенттин кадрларын талкалап, анан жакындарына киришеби?..

21-октябрь, 19:07
606 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Башкы прокурор Курманкул Зулушев өткөн айда аймактарды кыдырып, катуу пиар кылганы эсиңерде болсо керек. Ошондо Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жакшылап тоспой, келиндей жүгүнбөй койсо, натыйжада, төрт кылмыш иши козголуп атпайбы. Кайсы гана чиновник болбосун, артын чукуй берсе “илинчээги” табылат. Ошол сыңарындай, Алмаз Мамбетовго да тескери мамиле жасалып, кылмыш иштерин козгоо менен саясый карьерасына балта чабуу аракеттери көрүлүүдө. Негизи Курманкул Зулушев кыйын экен: мыйзамды көзөмөлдөөчү органдын башында туруп, жалаң Садыр Жапаровдун кадрларына “аңчылык” жасап, четинен чаап келатат. Алымкадыр Бейшеналиев, Доскул Бекмурзаев, Теңгиз Бөлтүрүк, Алмазбек Бейшеналиев ж.б. Мындай ыргакта кете берсе, жакында президенттин бир туугандарын кылтакка иле баштабайбы? 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер