Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сокулук РИИБнин начальниги Максат Чойбековдун үч кабыргасы жана буту сынган

Сокулук РИИБнин начальниги Максат Чойбековдун үч кабыргасы жана буту сынган

08-декабрь, 18:35
2 058 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен Бишкек шаардык №4 ооруканага барып, Сокулук РИИБнин начальниги Максат Чойбековдун абалын сурап, жол кырсыгына кабылганы боюнча учкай сүйлөштүм. Абалы орто экен. Эске салсам, буга чейин бир катар сайттарда “бурмалоо картинасы” түзүлгөн...

7-декабрда Бишкек-Торугарт жолунда (Ысык-Ата районунда) Максат Чойбеков “Мерседес-Бенц” автоунаасында баратып, каршы тилкеден чыккан “Мерседес-Спринтер” жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Бул унаадагы жүргүнчү жабыркап, жергиликтүү ооруканага жеткирилгени, башынан операция жасалганы кабарланды. Ал эми Максат Чойбеков да ооруканадан биринчи жардамды алган. Учурда Бишкек шаардык №4 ооруканада дарыланууда. Максат Чойбековдун үч кабыргасы жана буту сынган. Жабыркаган эки тарапка тең ден соолук каалайм.

Айрым сайттарда Сокулук РИИБнин начальнигин белгисиз жакка кетип калганын, жада калса ичип алганбы (?) дегендей да шек саноолор жазылыптыр. Мунун баары жалган. Мындай кырсыкта адам биринчи шок абалында болушу мүмкүн. Баса белгилөөчү жагдай, Максат Чойбеков талапка ылайык медициналык кароодон өткөнү, тийешелүү анализдерди тапшырганы дайын болду. Эмесе, кырсыктан кыйкым издеп, оюн кылбай турсак. Учурда тергөө органдары иликтөө иштерин жүргүзүп атканы, алдыртан так кесе бүтүм чыгарууга али эрте экенин да эске алалы.

(“Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевдин Фейсбуктагы билдирүүсү)

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер