Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камчыбек ЖОЛДОШБАЕВ, ЖК депутаты: “Кара-Кечеде рекеттер, “каралар” тоскоол болуп атса губернатор карабайбы?”

Камчыбек ЖОЛДОШБАЕВ, ЖК депутаты: “Кара-Кечеде рекеттер, “каралар” тоскоол болуп атса губернатор карабайбы?”

14-октябрь, 15:06
1 036 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Камчыбек мырза, Кыргызстанда көп эле жерден көмүр чыгат. Анда эмне үчүн өзүбүздү өзүбүз камсыздай албай, чет жактын көмүрүнө көз каранды болуп жүрөбүз?

-- Советтер союзу учурунда Кыргызстанды “Орто Азиянын кочегары” деп коюшчу. Ошол кезде 2 млн. тоннадай көмүр казылчу. Ал кезде Кара-Кече ачыла элек болчу. Бүгүн кырдаал кандай? Көрүнгөн кишиге лицензияны беришкен. Лицензияны берип атканда караш керек да, канча техникасы бар, канча жабдуулары бар, көмүрдү каза алабы, же бирөөгө сатып ийеби? А бизде карабай эле берип атышпайбы. Кара-Кечеде 14 фирма бар. Анын эки-үчөө эле иштеп жатат. Губернатор, акимдер жайды жайлата ошол жерде туруп, карашы керек. Эмне сага тоскоол болуп атат? Же рекеттер, “каралар” тоскоол болуп атса карабайбы? Күйүүчү майы жокпу? Кепил болуп бир жерден алып берсин. Элди камсыздаш керек да. Элди баксын, карасын деп аларды акимдикке, губернаторлукка дайындаган, машина берген. Бюджеттин акчасын жеп эле чай ичип, же эттүү кесме жегиле (!) деп койгон эмес да. Мына ошондо көмүр казылат. Жакында эле түштүк жакта үч кишини шахта басып калганын ЖМКлар жазып атат. Ушундайлардан Кудай сактасын. 

-- Кандай дейсиз, көмүр казууну менчик фирмаларга берип койбой, мамлекет өз колуна алышы керекпи?

-- Мамлекет “Кыргызкөмүрдү” коюп койгон, аларың эчтеке кылалбай жатышат. Мен ошол жерде иштегем, 150-200 миң тоннага чейин көмүр берчүбүз. Казакстандын көмүрүн албай эле өзүбүздү өзүбүз камсыздачу элек. Анан мурдагы президенттер ошонун баарын токтотушуп, Казакстандан көмүр алып, үстүндөгү “шапкесин” кошо алып, “тебетейин” кошо ала башташты. Мен ойлойм, Кыргызстандын өзүнүн көмүрү менен эле меселени чечсек болот. “Турук” көмүр кенинде 40 миң тонна көмүр ачык турат. Биз ташып, үч районго берип бүттүк. Үй райондо жылуулук базаларын ачып койгонбуз. Андан кийин дагы да кеңейте баштайбыз. 4400 метр бийиктиктеги көмүрдү казып, элге берип атсак, ошону көралбагандар, жаман көргөндөр да бар (бизде көралбастык деген оору бар эмеспи). Эмне дейбиз, “жаман көрсөң жармаңды бербей кой” деп жүрөбүз. Биздин көмүрдүн килокалориясы 7500 ккал. Башка кендердики 3,4кө жетпейт. 40 миң тонна казсаң, сапаты боюнча 80 миң тонна казганга барабар. 


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер