Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жээнбековду туулган күнү менен куттуктаган Исаевден үлгү алалы

Жээнбековду туулган күнү менен куттуктаган Исаевден үлгү алалы

17-ноябрь, 13:15
1 855 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

16-ноябрда Сооронбай Жээнбеков 62 жашка толду. Президент болуп турса куттуктаганы барган чоңдор каз-катар тизилишип, кошоматтыктын жогорку “дымагын” көрсөтүшмөк. Бул саам андай болбоду. Кечээги саясаттагы достору, командасындагы “көрүнүктүүлөр” жылуу сөз айтканга жарашпаптыр. Баары Садыр Жапаровго шыйпаңдашып, сөөк аңдыган иттердей эле сагалап кетишкен да. Мындай жагдайда президенттикке талапкер Канатбек Исаев бийиктигин көрсөтүп, Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктап барды. Оомал-төкмөл жашоодогу баалуулуктун маңызы адамгерчиликте, жигиттик туруктуулукта, тунук акыл-эсте эмеспи. Дал ушул жогорку үлгүнү Канат мырза далилдеп, ээрден оогон Жээнбековдун көңүлүн көтөрүп, көсөмдүгүн көрсөттү. Мындай көрүнүштөн саясый элитабыз сабак алышы парз. 

Эске салсак, өткөн парламенттик шайлоодо, төңкөрүшкө чейин эле эски бийлик “Кыргызстан” партиясынын ондогон тарапташтарын кызганычтан улам камакка алганы, куугунтук көрсөткөнү маалым. Душманындай эле кысым жасашканы факт. Бирок, Канатбек Исаев алардын баарын кечирип, Сооронбай Жээнбеков бийликтен кетип атканда колдоо көрсөтүп, жөлөп-таяды, эми болсо туулган күнүндө кубаныч тартуулады. Эң башкысы, жылуу эле сөз да...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер