Эл сүйгөн генерал Өмүрбек Суваналиевди сыйлыгы менен куттуктайбыз!
Кыйын учурда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп жаңы дайындалган Өмүрбек Суваналиевге “Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” класстык чини берилди. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине өздүк булактар билдиришкен.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 22-февралда кол койгон. Белгилей кетсек, 1-класстагы мамлекеттик кеңешчинин класстык чини “генерал-полковник” аскердик наамына теңештирилет.
Премьер-министр Улукбек Мариповдун 2021-жылдын 15-февралындагы буйругу менен Өмүрбек Суваналиев өлкөнүн эң оор регионунун башчысы болуп дайындалып барды. Баткен облусу Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет, бул жерде көптөгөн жылдар бою мамлекеттик чек аранын айрым участокторун делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси ачык бойдон калууда. Ошондуктан “караңгыда көз тапкан” дегендей эле кыйын учурда жол тапкан, эрдиктери менен элдин эсинде калган кыргыздын “Каттаниси” чек ара боюнча абал курчуп турган учурда Баткенге барды.
ИИМде милициянын погонун татыктуу тагынган, эл сүйгөн генералды жаңы сыйлыгы менен биздин жамаат дагы чын дилден куттуктап, дагы да албан ийгиликтерди каалайбыз.
“Азия Ньюс” гезити