Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмилбек Абдыкадыров менен Нурдан Орунтаев эки жүздүү аракетке өтүп алышканбы?

Эмилбек Абдыкадыров менен Нурдан Орунтаев эки жүздүү аракетке өтүп алышканбы?

14-август, 21:41
771 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Факты өжөр нерсе” деп Ленин бекер айткан эмес да. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров акыркы кездери популизм менен алектенип, белгилүү инсандардын үйүн, бизнестерин түрттүрүү менен кумарланып келет. Бирок, баарына тегиз карабайт экен. Маселен, Байтик Баатыр көчөсүндөгү Иса Өмүркуловго караштуу үйдөн көрнөк-жарнактарды алдырып, кылдан кыйкым издегени байкалды. Пиар үчүн даярданышып, “сүткө тойгон күчүктөй” орун басары Нурдан Орунтаевди жөнөтүп коёт. Анысы буйрукту аткара берет. Эртеңки күнү эмне болорун ойлобой. Эң кызыгы, ошол Иса Өмүркуловдун квартирасынан жогору көздөй кеткенде, Медеров көчөсүнө жетпей бийликчил Умбет Кыдыралиевге караштуу кафе жайгашкан. Кызыл сызыкка чыгып кеткенин айтып атышса, эмнеге Бишкек мэриясы көрбөйт? Бул боюнча соцтармакка да видео чыгып, талкуу жаралды. Эмилбек Абдыкадыров менен Нурдан Орунтаев таасирдүү Умбет Кыдыралиевге тийишсе, “кыңк” эттирбей ооздорун басып коёбу? Ал бийликтин ишенимдүү адамы, досу да... Ошондо Бишкек мэриясы кош стандарттуу, эки жүздүү саясат жүргүзүп калганбы? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер