Талантбек Батыралиев, экс-министр: “Эмдөө иш-аракетин жалгыз доктурларга жүктөп койгон туура эмес”

-- Талантбек мырза, акыркы кезде өпкө-жүрөктү кабатыр кылып аткан кандайдыр бир вирус жүрүп жатабы?
-- Бүгүнкү күндө сиз айтып аткан өпкө-жүрөккө зыян келтирип аткан опурталдуу вирустук инфекция жок. Негизинен өнөкөт оорулар сезонго карата козголуп турат эмеспи, ушулардын таасири сасык тумоо, грипп илдетин көбөйтүп ийүүдө. Өнөкөт оорусу бар бейтаптар өздөрүнүн саламаттыгына алдын ала кам көрүп, сактанышы керек. Куран окуткан жерге, же той-топурга кээ бир адамдар грипп болуп атса деле “сасык тумоо болуп калыпмын” деп коюп бара беришет. Андай учурда жанындагы отурган адамдан жугуп калбаш үчүн беткап тагынган дурус.
-- Коронавирустун калдыктары дале эл аралап жүргөнсүйт, сизге байкалбайбы?
-- Эми бул ооруп аткан адамдарда коронавирустун кайсы бир модификациялары бар. Анткени мага келген бейтаптардын кээ бири “өпкөмдүн 60 пайызы пневмония болуптур” деп айтып калышат. Бирок, биздин эл ковиддин күчөп турган 2020-21-жылдары өздөрүн эрежеге ылайык, катуу тартипте коргогон эмес. “Биз ал учурдан аман-эсен өтүп кеттик. Азыр бизге коркунуч деле эмес” деп атышат. Кандай болгон күндө да кыргызда “сактансаң сактаармын” дейт. Сак болгонубуз оң.
-- Эмдөө боюнча дин туткан адамдар азыр деле каршылык кылып аткансыйт...
-- 2015-жылы кызамык оорусу күчөп турган мезгилде эксперттер арасында биздин кесиптештердин бир-экөө эмдөөгө каршы чыгышкан. Бүткүл дүйнөдө саламаттык сактоодо эмдөөнүн орду, маани-маңызы баарыбызга белгилүү. Ошондуктан мыйзам баарыбызга бирдей. Эмдөө иш-аракетин жалгыз доктурларга жүктөп койгон туура эмес. Биз баарыбыз жапатырмак түшүндүрүү иштерин жүргүзөлү. “Эмдөө – жалпы адамзаттын саламаттыгына болгон камкордук” деп түшүнгөнүбүз абзел.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити