Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ленара Ниязбекова: “Айыл чарбасына байланыштуу президентибизди алдаган тараптар бар”

Ленара Ниязбекова: “Айыл чарбасына байланыштуу президентибизди алдаган тараптар бар”

06-май, 21:14
475 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Kыргызленд” экспорттоочу жана импорттоочулар ассоциациясынын төрайымы менен маек.

-- Биздин базарларда Кытайдын картошкасы көбөйүп баратат. Ошол эле учурда өзүбүздүн картошканы саталбай, дыйкандар чыгымга учурап, өтө арзан баада сатып, мээнеттери кайтпай келет. Ошону менен бирге эле азык-түлүк коопсуздугу да жаралууда...

-- Ооба, биздин ички базарларда тамак-аш коопсуздугу актуалдуу бойдон калууда. Бул ички базарлардын иретсиздигинен жана корголбогондугунан кабар берет. Башкача айтканда, биздин ички базарлар кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгына көрүнөө да, көмүскө да канча жылдар бою кызмат кылып келүүдө. Ооба, биздин фермер-дыйкандар өстүргөн айыл чарба азыктары түрдүү провокацияга, манипуляцияга жана спекуляцияга кабылып, аягында күнөөлүү болуп, өз мамлекетинде өгөйлөнгөн биздин фермер-дыйкандардан өткөн шордуу калк жок. Дегинкиси алар өстүргөн айыл чарба азыктары жергиликтүү керектөөчүлөргө, рынок үчүн болуш керек эле. Бирок өстүргөн айыл чарба азыктары түрдүү кызыл кулактар аркылуу контрабандалык жол менен бир сезондук сатуудан чыга албагандыктан, ички-сырткы рынокто да өз ордун таба албай келе жатат. Анын көп себептери бар. 

Президентибиз айыл чарба тармагын өнүктүрүү, бул жаатта туруктуу системаны түзүү боюнча мамлекеттик деңгээлде чоң-чоң каражаттарды бөлүп, о.э. мамлекеттик деңгээлдеги жарлыктарга кол коюп, мүмкүн болушунча колдоп жатат. Бирок айрым бир тараптар биздин катардагы фермер-дыйкандардын атына жамынып, президентибизге токулган маалыматтарды берип, айыл чарба багытынын негизги генератору болгондорду тобокелге кептеп, түрдүү методдор менен жеке кызыкчылыктарга байланган монополияга айландыргысы келишет. Мына ошондуктан биздин дыйкандар өздөрү өстүргөн картошканы сата албай жатышса, Кытай, Пакистан сыяктуу өлкөлөрдөн алып келишип, рынокто өз өктөмдүгүн эле жүргүзүп калбастан, тамак-аш коопсуздугуна да тобокелдик жаратышууда. Жалпыга маалым болгондой, бизде картошка миллиондон ашык көлөм менен өстүрүлгөн, ички рынокту 100 пайыз каржылай алган, о.э. экспортко чыга турган айыл чарбасындагы маанилүү азык. Бирок “казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” дегендей, өз көмөчүнө күл тарткан айрым тараптар дыйкандарды жаманатты кылган провокациялык иш-аракеттерин токтотуп, мамлекеттин кызыкчылыгын жана ички рынокту коргоо чаралары тууралуу механизмдердин үстүндө иш алып баруусу зарыл. Биздин дыйкандар айыл чарба азыктарын өстүрүү боюнча талыкпаган эмгечил, кашкөй, изденгич жана новаторлор. Алардын күжүрмөн колдорунан эмне деген гана тамак-аштар өстүрүлбөйт! Ошондуктан, фермер-дыйкандарга карата куру доомат, интрига жана жең ичинен жүргүзүлүп жаткан бут тосууларга бөгөт коюу чараларын карап чыгуу зарылдыгы бар.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер