Өмүрзак Төлөбеков: “Эл аралык ири кинокомпаниялар “Манасты” биргелешип тартууну сунушташууда”
Киносценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек.
-- Өмүрзак мырза, “Манас” үчилтиги боюнча биринчи ирет “Манастын уулу Семетей” көркөм тасмасын чоң ызы-чууга карабай тартып, кыргыз коомчулугуна, атүгүл эл аралык алкакка алып чыктыңар...
-- “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” – элибиздин ааламга айгине улуу чыгармасын тасмага айлантуу зор кызыгууну жаратты. Муну түшүнүп, 40 жыл театрда коюлуп, элге сиңген Жалил Садыковдун драмасын негиз кылганбыз. Ага карабай ар кандай ачуу, кермек сындар жаады.
-- Мындай маанилүү тасмага көңүл бурулуп, ар кандай, анын ичинде катуу сын пикирлер айтылышы турган иш да.
-- Арийне, мындай өтө жооптуу чыгармага ар түрдүү пикирлер, сындар айтылат. Ал эми “тартпаш керек”, “кыргызды ааламга уят кылат, Төлөбековду камаш керек!” деген жарлыктардын тагылуусу сын эмес, кашкайган эле кастык да.
-- Эми баары өтүп, сергек саресеп салса болот. Кимдер эмнеге каршы турду?
-- Адегенде манасчылар каршы чыгышты. Үчилтик киного айланса, айтымчылык өнөрдүн мааниси төмөндөөсүнө тынчсызданышты окшойт. Чынында тескерисинче, “Манас” элге дагы кеңири тарап, айтымчылыктарына кызыгуу күчөмөк. Экинчиден, аларга эпос миф, жомок түрүндө сиңген, ошону талапташты. Улуу драматург Садыков апыртмаларды кыйгап, “Манастын уулу Семетей” пьесасын реалисттик нукта жазган, биз ошол ыкты уланттык.
-- Манасчылардан башка да көптөр сындашты го?
-- Тарыхта биринчи жолу улуу чыгарма Жапаровдук бийлик убагында тасмага айланышы – маданий идеологиялык зор окуя. Бул көрүнүш бийликтин оппозициясын тырчытты. Ананчы, кыргыз элинин кылымдык улуу кыялын биз баштап жүзөгө ашырып атсак, саясат, идеология мыкчыгерлери баш болуп далайлардын ичтери өрттөндү. Акүй-Көкүй, маданият министрлиги, кино департаменти, “Кыргызфильм”, башкаруу жаатындагы жайнаган маданият аткаминерлерин, киночуларды кыйгап, жеке менчик киностудия тартып атса, алар колдошмок беле?..
-- Оппозиция, бийлик аралашып, баары каршы туруптур да?
-- Президент Садыр Жапаров менен мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов туура түшүнүшүп, колдошту. Болбосо, кинону чыгарбаска катуу далбас урушкан эле.
-- “Кино чыкпай турган болду” деп да жазышты эле...
-- Мындан 8 жыл мурда “Манаска” узануу ою жаңы пайда болгондо Кыргыз эл акыны, “Манас эл” кыймылынын жетекчиси Асан Жакшылыков “Манастын ички-тышкы душмандары көп, чоң тоскоолдук жасашат” деген. Кыргыздын ичиндеги Абыке-Көбөштөрдүн, кыргыздашып кеткен калмактардын тукумдары ызы-чуу салышты, майда-чүйдөнү тоодой кылып апыртышып...
-- Быяктагы каршылыктарга, каралоолорго карабай, “Манастын уулу Семетей” тасмасы Италияда кинофестиваль сыйлыгы аркылуу эл аралык таанууга ээ болуусу менен чын ниеттен куттуктайбыз!
-- Рахмат! Милан шаарында өткөн эл аралык кинофестивалдын уюштуруучулары тарабынан “Манастын уулу Семетей” өзгөчө маанилүү тасма катары тандалып, баалуу дипломго жана калыстардын бөтөнчө көңүл буруусуна арзыды.
-- Алдыда бул тасма дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө көрсөтүлсө керек?
-- Кытай, Иран, Түштүк Корея... Буюрса, бир катар өлкөлөр менен кызматташып атабыз. Улуу чыгармабыз ааламды кыдырарына ишенебиз.
-- “Манастын уулу Семетейге” ушунча асылышты, эми алдыда “Манасты” тартсаңыздар анык таландыда калбайсыздарбы?
-- “Манас” – дүйнөлүк теңдешсиз улуу чыгарма. Заман талабына жараша эпос тасмага айланып, ааламга тарашы керек. “Манастын уулу Семетейди” көрүшүп, эл аралык ири кинокомпаниялар “Манасты” биргелешип тартууну сунушташууда.
-- Чет өлкөлүк саясый кызыкчылык жокпу?
-- Алар деле айкын билишет, эпос дал турушунда тасмага айланышы керек. Дүйнөлүк шедеврдин киносун чыгарууга кызыгышат. Түркия маданият министрлиги 1993-жылы 50 мүнөттүк “Манас дастаны” анимациялык фильмин тартышыптыр. Ага ким эмне деди? Рахмат, биздин ыйык чыгармабызды таратышкандарына. Эми да чет элдиктер биздин эмгегибиздин аалам аралоосуна колкабыш кылып атышса, быяктагылардын “Манастын уулу Семетейге” жасаган кастыктары өтпөйт го... Анүстүнө сындын башкысы “аз каражат менен улуу чыгарманы бузасыңар” дегендери болду. Анда бизге чоң каражат бөлүнмөк эмес. Кыргызстан болсо экономикалык каатчылыкта, анан да пандемия... Миллиондогон доллар бөлүнсө да чырдашмак, “быякта эл ачка отурса, кино эмес нан керек!” дешип. Эми ошолор сындап атышкан “Манастын уулу Семетей” дүйнө көңүлүн буруп, “Манаска” жол ачты.
-- Саякбай, Сагымбай баш болгон манасчылар айтып келишкен эпостун көп варианттарынын ичинен киного кайсынысын негиз кылмаксыздар?
-- Советтик идеология күчтүү кезинде Кыргызстан жазуучулар союзунун тапшыруусу менен таланттуу калемгерлер Ашым Жакыпбеков, Кеңеш Жусупов “Манас” эпосунун варианттарынын негизинде жазышкан романдарга таянабыз. Анан дөө-шаа акын-жазуучулар Жалил Садыковдун драмасын, Мар Байжиев менен Бексултан Жакиевдин түзгөн китептерин колдонуудабыз.
-- Үч сааттык “Манас” анимациялык көркөм фильми тартыларын билдирдиңиз эле, же башка варианттар да каралабы?
-- Манас – кыргыз эли үчүн улуу, ыйык. Айкөлдү актёрго аткартып, көптөрдү наалытпас үчүн анимацияга ыктап турабыз. Мухаммед пайгамбар менен Чыңгызхан тууралуу бир катар өлкөлөр ар кандай жанрдагы көптөгөн варианттагы тасмаларды тартып келатышат. Биздин “Манас” да келечекте көп түрдүү киного айланарына ишенебиз. Азыр эле орус, түрк, кытай киночулары биргелешип иштешүүнү сунушташууда. Алар менен да, дүйнөлүк лидер кинокомпаниялар Голливуд, Болливуд, стриминг платформалар “Нетфликс”, “Амазон” менен да кызматташып атабыз, буюрса.
-- “Манасты” тартканга жараша “Троя” сыяктуу дүйнөлүк шедевр кылыш керек, болбосо, узанбаш керек го?..
-- “Манастын уулу Семетейди” аз каражат менен кысталып тарттык. Антсе да дың бузулду. Кудай буюрса, эми андагыдан бир топ арбын каражат менен дүйнөлүк деңгээлдеги асыл чыгарма жаратууга тийишпиз!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити