Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Поэзиядагы жалган пафос, жасалма ыргактар

Поэзиядагы жалган пафос, жасалма ыргактар

14-сентябрь, 19:13
3 735 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Кыргыз Эл акындары Шайлообек Дүйшеев, Кожогелди Култегин, Абдыжапар Эгембердиевдин алешем ырлары жөнүндө учкай сөз)

(Уландысы. Башы өткөн санда)

Сүйүү бийик, ыйык нерсе, аны турмуш прозасына аралаштырганда касиети качып, канаты кыркылган куштай болуп калат. Акын “Кыздын ыры” деген ырында:

Көрүштүк деп айта көрбөгүн.

Өбүштүк деп айта көрбөгүн.

Бузуку көп сак бол берекем.

Бузуп жүргөн бизге өңдөрүн.

Көчө сөзүн ташып, кымбатым,

Көрүнгөндөр ушак кылбасын, - деген саптарын кайра-кайра вариациялап, акын ырын 24 сапка жеткирген. Чындап сүйүү азабын тартып, анын жыргал-кууралын башынан өткөргөн кишинин оюна минтип майда сөз келбейт, аны жубардай тунук махабатка аралаштырбайт. “Көчө сөзүнүн” деңгээлиндеги бул ырда сүйгөн адамдын элеси көрүнбөйт, же бир колго илине турган идея да жок, “экөөбүздүн жолукканыбызды, өбүшкөнүбүздү киши укпасын” деген эки ооз сөздү автор Шаршенче эле кайталай берген. “Фаридам” деп аталган ырда да лирикалык каармандын индивидуалдуу образы жок. Фарида менен жигиттин ортосундагы мамиле жондотуп айтылат. Ырда Фариданын мүнөзү, чырайы, тагдыры көрсөтүлбөйт, демек, бул образ жок дегенди билдирет, ыр тапталып бүткөн “бактылуу бол” деген трафарет каалоо менен аяктайт. Сүйүү жөнүндө мындай жасалма ырлардын чыгышынын себеби, акын чыныгы сүйүүнү башынан кечирген эмес, анын махабат ырларынын прототиби жок. “Тамсилден тамсил – бир тамсил” демекчи, балким Ш.Дүйшеев Алыкулдун, Мидиндин, же Омордун махабат лирикасын, дүйнөлүк поэзиянын деңгээлине алып чыккан кайталангыс ырларын окуп алып, ошолорго таасирленип “сүйүү ырларын мен деле жаза алам” деп дарбып жазса жазгандыр, бирок чыныгы сүйүүнү башынан өткөрбөсө арзуу ырларын кантип жазат? Бул куурчакка үйлөнүп алып, “балалуу болом” дегендей эле кеп да. “Автобиография” деген ыр түрмөгүндө акын:

Жеткен жокмун, мен ойлойм,

Сүйгөнүнө жеткен жандар,

Сүйүүсүнөн адашкандар деп ойлойм.

Сүйүү деген өрт-жалынды кечкениң,

Сүйүү деген бул дүйнөдө

Жетпестердин ыры экенин эстегин.

Ошон үчүн жетпеш керек...

Жетпедим!” - деп акын бул жерде аң-сезимдүү түрдө өзүнүн сүйүүгө карата жасалма мамилесин жар салып айтып жатат, болбосо “сүйүү – бул жетпей калуу” деген эреже жок, бул Ш.Дүйшеевдин “ойлоп” тапкан “аксиомасы”. Сүйүү – тагдыр, аны зордоп бир эрежеге, же бир теорияга байлоого болбойт. Пушкиндин, Есениндин сүйүү ырларынын адресаты бар, ар бир ыр качан, кимге арналгандыгы, эмне себептен жазылгандыгы адабият тарыхында турат. Мисалы, “Персия кайрыктарында” “Шаганэ, жаным, Шаганэ!” (Э.Турсуновдун котормосунда) деп акынды какшатып жаткан Шаганэ армян кызы, аны менен Есенин Батумиде таанышып, мамилелери болгон экен. Ш.Дүйшеевдин чыгармачылык тагдырында Фарида аттуу кыз болгондугу азырынча белгисиз, эгер болсо, аны менен акын качан, кай жерде таанышып, ортодо кандай мамиле болгон, бул ыр эмне себептен жазылган деген маселе изилденип, такталыш керек. 

Ачуу болсо да чындык эртедир-кечтир айтылганы туура. Ш.Дүйшеевдин “Эки дөөнүн күрөшү” (Б.:2009) деген эпигончулук менен “Манас” эпосун туурап жазган жамагына Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын берилиши (2011) туура эмес, уят иш болгон. Ш.Дүйшеев фольклор менен профессионал адабияттын эстетикасы, жанрлары эки башка болорун билбейт экен. Ал элдик поэзиянын даяр калыптарына салып, формулаларын, туруктуу эпитет, салыштырууларын өзү таап алгандай пайдаланып, миң жылдар бою калыптанган эпостун образдарын бурмалап, өзүнүн субъективдүү көз караштарын таңуулап, эпостун гуманисттик бийик, асыл идеяларын майдалап, боортоктогон эмпиризмге, дүйшеевдик деңгээлге түшүргөн. Эгер Ш.Дүйшеевдин колунан келсе эпостун сюжетин, образдарын пайдаланып поэма, же роман жазса, анда ал эпоско карата чыгармачыл мамиле, аны өздөштүрүү болмок. Ал эми эпостун бир эпизодун алып, формасын, ыргагын, ыр өлчөмүн, уйкашын, тропторун пайдаланып жамак жазуудан, сырткы белгилерин окшоштуруудан эпос жаралбайт. Сөздүн ток этер жери Ш.Дүйшеевдин “Эки дөөнүн күрөшү” эпос эмес – эпостун суррогаты. Жыйынтыктап айтканда, акыркы отуз жылда Шайлообек Дүйшеевдин жалпы чыгармачылыгы кризиске туш келип, поэтикалык изденүүлөрү оңунан чыккан жок. Балким, ал ушундан улам эскерүү жазып, прозага өтө “качышы” да ошол себептен болуп жүрбөсүн... 

Филология илимдеринин доктору Аида Эгембердиеванын “...китептен китепке тынымсыз өскөн поэтикалык туюму, стили, акындык дабышы атайын сөздү, поэтикалык дүйнөсүндөгү дайыма эле бир окуганда ачыла бербеген, өзүнчө ичтен дымыган подтекст терең анализди талап кылат” (“Кыргыз туусу” 17.03.2020) деп Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегинге берген баасы мени бир топ ойлонтуп койду. Китептен китепке тынымсыз өсүп жатса (акын ондон ашык китеп чыгарган), анда эмне үчүн адабият билермандары “поэзияда жаңылык жок” деп алакан жайып отурушат? Анан калса, “...акындын адабиятчыларды караандатпай кеткен бийик поэзиясын ачып бере коёруна күмөнүм бар. Акынды ачыш үчүн аны түшүнгүдөй атайын даярдык керек”. Филология илимдеринин докторунун айтуусу боюнча, акындын ырларын “ачыш үчүн” окурманда атайын даярдык болуш керек экен. Адабиятчылардын академиктерин баш кылып, профессорлорун төш кылып чаңында калтырган “сайкүлүк интеллектуал” акындын ырларын бизге окшогон карапайым окурмандар бир-эки жыл даярданып, Аида Эгембердиеванын култегин таануу курсунан сабак алып чыккандан кийин, анан акындын томдук китептерин колубузга алып, түшүнө баштайт окшойбуз. Илим доктору андан ары: “Дарбазага” чейинки китептеринен эле акын кыргыз поэзиясында өзүнө чейин айтылбаган сөздү айтып, кайрыла элек кайрыкты, угула элек обонду кайрып, адабиятка алгачкы күнүнөн эле башкача сүр менен киргенин байкайсың” деп жазат. Кудай сакта! Адабият боюнча адисмин деген кырктан ашык илим доктору, эки жүзгө жакын илим кандидаты Кожогелди Култегиндин поэзиядагы “ачылышын” билбей кайда жүрүшкөн? Акындар боюнча иш жазып, илимдин кандидаты, доктору даражаларын алып, “поэзия боюнча адис” деген диплому бар Аида Эгембердиева менен биз талаша албайбыз деңизчи, бирок, ал К.Култегин тээ сексенинчи жылдары эле поэзияда “өзүнө чейин айтылбаган сөздү айтып койгон” деген бүтүмүн жүйөлүү аргументтер жана фактылар менен далилдеп бере алган эмес, анын бул дымактуу тыянагы дегеле чындыкка дал келбейт. Адабиятчы илимий этиканы сактап, жазып жаткан объект боюнча мага чейин кандай иликтөөлөр болгон деп өткөн тарыхка бир көз чаптырып койсо ашыкча болбойт эле. Себеби Аида Эгембердиева “Американы ачып” жаткан жери жок да. Кожогелди Кулуев “Жолчырак” (1985), “Шамалдагы үн” (1989) деген китептерин чыгарган, бирок, ошол кезде адабиятка кошулган жоон топ жаш акындардын хорунан анын ырлары эч нерсеси менен айырмаланган эмес, көптүн арасындагы авторлордун бири болгон. Алтургай жүүнү бош ырларындагы кемчиликтери үчүн сындалган (караңыз: “Кыргызстан маданияты” 09.03.1989, “Советтик Кыргызстан” 13.04.1989). Сексенинчи жылдардагы адабий сын поэзияны зирек байкап, бардык жаңылыктарга, кубулуштарга өз учурунда баа берип, талдап, жыйынтык чыгарып турган. Ошол кездеги поэзияга обзор жасаган белгилүү сынчы А.Эркебаевдин “Бир жылдын поэзиясы” (“Элдик эпостон адабий эпоско” Б.:1990) деген макаласында К.Кулуев жаш акындардын арасында көптүн бири катары эле саналып өткөн. Демек, А.Эгембердиева экиленип, акынды көкөлөтүп мактап, ага берген жогору баасынын эч кандай реалдуу негизи жок.

К.Култегиндин “Жолчырак”, “Шамалдагы үн” деп аталган алгачкы жыйнактарына жаштык деми, студенттик күндөр, эне-атасын, туулган жерин сагынуу мотивдерин камтыган ырлар кирген. Акындын “Дарбаза жолго ачылат” деген китеби тематикалык жагынан байып, көп түрдүү болуп китептик таасирлерден арыла баштаганынан кабар берип турат. “Москвадан Алайкуга кат” деген ырында мезгилдин белгилерин таамай кармап: 

Өтсө бирөө кеңсе артына энтигип, 

Өрмө камчы жер чийип да, кар чийип... 

Каатчылыктан тургансыйт эл көңүлү

Тамбашында моло чөптөй кемтийип... - деп ошол учурдагы оор турмушту элестүү берүүгө аракет кылган. Же болбосо:

Эшик аңдып күрөндүлөр тур жылбай,

Эки көздүү дандыр – кудум куржундай.

Жалтыроодо чана тепкен эңиш жер, 

Жаш баланын агып калган мурдундай, - деген салыштыруулары акындын табылгалары десек болот. Эми бу акындын чекене ийгилиги, ал кайсы бир деңгээлде тажрыйбага ээ болуп, профессионалдык өсүш болгон, чыгармачылыгында жылыш бар десе жарашат, бирок, аны жалпы поэзиянын ийгилиги, новаторлук, көркөм ойдун өсүшүндөгү жаңылык катары кароого болбойт. Андан кийин акын “Бал ууртам” (2002) жыйнагын чыгарды . Ага кирген “Маржан көз”, “Сага”, “Сүйүү”, “Жаркылдайсың күлөсүң”, “Сен алыста”, “Жүзүм кыз” сыяктуу ырларда лирикалык каарман сүйгөнүнө суктанат, ашык болот, бирок ошол гөзөл кыздын жандуу образын жарата алган эмес. Ал сулуулардын мүнөзү, кылык-жоругу, көз карашы, жандүйнөсү ырларда көрүнбөйт. Акын болсо “Бах, чиркин, кандай ысык, кандай жагым, баратып, үйүңдү бир карап өтүү” деп сулууга сыртынан суктанып, же “Алкымың – абат дүйнө, ах, кумар канат мүлдө”, же “табышты эрин, жабышты эрин тыкан-ах!” деп эргип кетип, “ахалап” жөн жерден эле кумарга батып, күүлөнө бермейи бар. Акындын лирикалык каарманы сулууну “маржан көз”, “бото көз”, “чолпон көз” деп сыпаттап, бул “туруктуу” эпитеттер автордун махабат лирикасындагы аялзатынын бардыгына бирдей колдонула берет. Дагы бир өзгөчөлүгү лирикалык каарман жүрөк менен эмес, көз менен сүйөт:

Көзгө урунган сайын бу 

Көздөрүмдөн от жанат,

Көкүрөктө кабың бу

Көпөлөктөй кош канат, - деп сулуунун көкүрөк кабын кош канатка салыштырат. Ошол эле куштун канаты:

Куштун эки канаты – 

Кубанычтуу саламдашкан эки кол, - деп колго да салыштырылат. Ошентип куштун канаты акын үчүн “дежурный” салыштырууга айланган. Акын ыгы келсе да, келбесе да кара күчкө салып салыштырып жибермейи бар:

Ай талаада токтотулду автобус.

Тетигини, тетигини...

Тетиги

Тетири карап “шыркыраткан” эркектер – 

Тетири “у”

Тетири “ү”... 

Көркөм табиттен куржалак, ушул көрүнүш поэзия боюнча илим доктору Аида Эгембердиевага балким, жаңылык болуп көрүнсө керек. Тилекке каршы, бул жерде дүйнөнү поэтикалык кабылдоонун жыты да жок, бул көрүнүш турмуштун осол прозасы, акындын эстетикалык табитинин жетилбей, көк канат бойдон калганын кашкайтып далилдеп турат. Жогоруда белгилегендей, лирикалык каарман акыйып эле аялзатын карап, айласы кеткенде:

Кымбаттуу ошол эмчектен

Кыялым, көзүм, бери кайт! - деп тентек кыялын, көзүн тыюуга аракет кылат, ага болбой эле колу ээлигип “колтуктан өтүп барсам” деп турат. Аялдан көзү каткан акындын байкуш лирикалык каарманы аялзатын көрсө эле чечинткиси келип, оолугат, мисалы, “Эсиңе ал” деген ырында:

Тепкич ылдый кетип жаткан аялдын

Жер шыпырган этегин да аяр ким?

Кирпикке аны илип өйдө көтөрсөк,

Кирет бирок, сөгүп, тилдеп, каран түн, - деп кыялданат, “Бото көз” деген ырында болсо, лирикалык каармандын Каранардай ээ-жаа бербеген кумарлануусу күчөп, ачык эле эротикалык эпизоддорго жетеленет:

Жалган дүйнө жалган эмес, чын болмок.

Жайкалып сен коюнумдан табылсаң.

Ашып-ташып алкынсам да төгүлбөй, 

Ак денеңдин нугунда бир агылсам.


Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер