Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Молдо Нияздын улуулугу эмнеде?

Молдо Нияздын улуулугу эмнеде?

20-декабрь, 19:30
507 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткен дубанындагы Кадамжай районунун Ак-Кыя айылынан чыккан залкар акын Молдо Нияз Эрназар уулу 1823-жылы жарык дүйнөгө келип, 1906-жылы ааламдан өткөн. Акындын сөөгү аздектелип, Шаймердендеги көрүстөнгө коюлган. Анын кол китептери академик Болот Юнусалиевдин кызыгуусу менен охналык Баит Исманаливден табылып, аны Азиз Токтобаев 1957-жылы академиянын кол жазмалар фондуна жөнөткөн. Экинчи китебин академик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев Алайдын Жайылма кыштагынын тургуну Аманилла Азимовдон алып тапшырган. Кыскасы, акындын XIX кылымда өз колу менен араб арибинде жазылган кол китептери бир топ жыл туруп калат. Анткени арабча жакшы окуп түшүнгөн адис болбоптур. Анан 1992-жылы улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери Омор Сооронов Равшанбек Зулпукаровдун жардамы менен күнү-түнү эрикпей отуруп араб арибинен азыркы кыргыз тамгасына, кирилицага көчүрүп чыгышат. Бактыга жараша эгемендүүлүк алган соң 1993-жылы Молдо Нияздын “Санат дигарасттары” 30000 нуска менен басылып чыгып, ошол жылдын күзүндө Кызыл-Булак айылында бабабыздын 170 жылдык мааракеси зор салтанат менен өткөрүлгөн. Ага Ош жана Жалал-Абад облустарынан, Бишкек шаарынан, коңшулаш Өзбекстандан кадырлуу коноктор катышышкан. Мааракеге чейин жана андан кийин райондук, облустук, республикалык гезит-журналдарга акын туурасында бир топ жылуу маанайдагы макалалар жарыяланган.

Андан бери 30 жылдай мезгил өттү. Эмне жумуш жасалды? Туура, мааракенин шарапаты менен Кызыл-Булактагы мектеп-гимназиясына Молдо Нияздын аты ыйгарылып, бюсту орнотулду. Ысымы Бишкектин жанындагы Ак-Өргөө жаңы конушундагы көчөгө берилди. Музейи уюштурулду. Менин маалыматым боюнча төмөнкүдөй илимий-изилдөө иштери жүргүзүлдү:

-- улуттук илимдер академиясынын философия жана укук институтунда Роза Жумабековна Эргешбаева “Молдо Нияздын дүйнөтаанымына философиялык иликтөө” деген темада 2000-жылы кандидаттык диссертациясын коргоду;

-- педагогика илимдеринин кандидаты Мисирали Колдошевдин “Молдо Нияз таалими: адеп-ахлак, ыйман сабагы” деген китеби жарыкка чыкты;

-- Ош мамлекеттик университетинде Өмүрзак Сарытаевич Акматов “Молдо Нияздын гуманисттик философиясы” деген темада философия илимдеринин кандидаттык диссертациясын 2001-жылы Ошто коргоду;

-- Ош мамлекеттик университетинде Гыламидин Жээнбаев “Молдо Нияз – жазгыч акын” деген китебин 1997-жылы чыгарып, кандидаттык диссертациясын жактады;

-- Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Келдибек Койлубаев “Жазгыч акындардын чыгармачылыгы” Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Алдаш молдо. Окуу куралы. Кара-Кол. ЫМУ. 2010-жыл;

-- Түркология илиминин доктору, “Манас” жана Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук академиянын жетектөөчү адиси Гүлзада Нурмаматова Молдо Нияздын чыгармаларынын фонетикалык жана орфографиялык өзгөчөлүктөрү, транскрипциясы, сөздүгү боюнча илимий макала жазып, Истамбулда түрк тилинде жарыялап, бараандуу эмгек жасады;

-- Акынбекова Айман Үсөнбековна “Молдо Нияздын чыгармаларынын тили: андагы чагатай тилинин лексика-грамматикалык элементтери” деген темада докторлук диссертациясын жактады;

-- буга чейин академик Болот Юнусалиев 1970-жылы “Отражение диалектных особенностей в санатах Молдо Нияза” деген макаласын Фрунзедеги “Илим” басмасында жарык көргөн жыйнакка жарыялаган.

Кээде акындын чыгармачылыгын изилдөөдө калпыстыктарга да жол берилип калды. Алсак, 1990-жылы окумуштуу, философия илимдеринин кандидаты Мэлис Курманалы уулу Абдылдаев даярдаган “Мурас” деген китепте Молдо Ниязды Чүйдө балдарды окуткан Ниязалы молдо Эсенгул уулу менен чаташтырып жиберген. Кээ бир жакшылап саресеп салбагандар акынды илгери Кокон хандыгында катчы болуп иштеген Молдо Нияз-Мухаммад Кукандий менен алмаштырып жүрүшөт. Хан ордосунда узак жылдар бою иштеген аты уйкаш инсан казак аалымы Тимур Бейсембиевдин маалыматы боюнча 1802-жылы төрөлүп, болжолдо 1880-жылдары каза болгон экен. Т.К.Бейсембиевдин Алматы шаарындагы “Наука” басмасынан 1987-жылы чыккан “Тарихи-и Шахрухи” как исторический источник” деген китебин караңыз. 

Молдо Нияздын улуулугу эмнеде? Акындын улуулугу биринчи жолу колуна калем алып, ырларын тыкыйта кагазга түшүрүп, андан ары мукабалап, иретке келтирип, көптөгөн китептерди чыгарганында. Ал жаш кезинен тартып эле агасы Жусупали жүз башынын жардамы менен Маргалан, Кокон жана Кашкар шаарларындагы медреселерде, Кара-Тегиндеги мечиттерде ислам жолунда илим алып, сабаты ачылып, Ак-Кыядагы үңкүрдө молдо Айдар, молдо Эрмек, молдо Кабыл, молдо Назар, молдо Имарали баштаган бир топ балдарга билим берген агартуучу болгон. Шакирттери замандаштарынын көзүн ачып, сабатсыздыгын жоюшкан. Ал өтө оор, кыйчалыш учурда өмүрүн тобокелге салып, азыркы Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Кытай эл республикасынын бир бөлүгүн ээлеген Кокон хандыгынын аймагын кыдырып, санаттарын окуп, өзү дагы илим алып, залкар ойчул жана улуу саякатчы да болгон. Ал эми анын тарыхый окуяларга күбө катары жазган баяндары энциклопедиялык баалуу материал болуп эсептелет. Маселен, тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиев өзүнүн “Этнополитическая история Оша и его окресностей с 18 до середины 19 века” деген Бишкек шаарындагы “Илим” басмасында жарык көргөн аналитикалык китебинде Молдо Нияздын ырларын туура пайдаланган. Акындын дагы бир артыкчылыгы ал окуяларды өзүнүн жеке көз карашында чагылдырганында. Маселен, ошол учурдагы кырдаал орус, кытай, англис, түрк булактарында ар кандай өңүттө таржымалданып келбедиби. Менимче, Молдо Нияз чагылдырган Кокон хандыгынын аскерлери менен орус баскынчыларынын салгылашы, 1898-жылдагы Анжиян көтөрүлүшү, Кетмен-Төбөдөгү Рыскулбектин балдарынын аш бериши, Алымбек жана Курманжан даткалардын, Алымкул аталыктын, Якуббек жанкечтинин орду калыс чагылдырылган. Анын ырларын окуп отуруп кыргыз элинин кыйырына белгилүү даткалар менен баатырларды, өз Мекенин сүйгөн инсандардын атын угууга болот. Мунун өзү акындын дүйнөтаанымынын кенендигин, көптү билгенин тастыктап туру.

Залкар жердешибиз күн чыгыштын ири акындарынын чыгармачылыгы менен тааныш болгону маалым. Анын санаттарынан ислам дининин коомдогу ролун, чет элдик баскынчылардын мыкаачылыктарын, өзү жашаган өрөөндөгү кай бир көрүнүштөрдү сынга алган аския менен юморун да байкоого болот. Айрым чыгармалары “Замана” агымындагы поэзияга үндөшүп турат. 

Молдо Нияз күчтүү лирик акын болгон. Анын “Даткайым” поэмасы аялзатынын аруулугу боюнча “Кымча бел” баштаган санаттары эл оозунда ырдалып, элдик ырга айланып кеткен. Ичкилик кыргыздарынын ыргагындагы лирикалык ырлары азыр деле таланттуу комузчулар тарабынан аткарылып жүрөт. Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун илимий кызматкери, таанымал аалым Омор Соороновдун аракети менен акындын ырлары “Залкар акындар” сериясынын 10-томуна, “Эл адабияты” сериясынын 37-томуна “Баткен облусунан чогултулган фольклордук материалдар”, “Кыргыз адабиятынын тарыхы” сериясынын 4-томуна, “Кыргыздар” сериясынын 8-томуна жана башка бир катар окуулуктар менен китептерге басылып чыкты. 

Акындын чыгармачылыгын, өмүр баянын иликтөөдө бир топ кыйынчылыктарга туш болдук. Анткени анын кайсы жылы дербиш сыяктуу саякатка чыкканы, кайсы жердеги медреседен, кимден билим алган жылдары көрсөтүлүп так, даана жазылып калбагандыктан кайра-кайра салыштырууга туура келүүдө. Ал эми коңшулаш өзбек жана тажик элдеринин тарыхын аңтарсак, жылы гана эмес айы, күнүнөн бери такталып жазылганы белгилүү. Бул адабиятчы жана тарыхчылар үчүн бир топ жеңилдиктерди түзөт экен.

Залкар акындын 200 жылдык мааракеси урпактарынын, тарыхчылар менен илимпоздордун, жазуучулардын аракети астында “ашказандын” эмес, илимий изилдөөлөрдүн, практикалык конференциялардын, Молдо Нияздын санаттарын түрк дүйнөсүнө жайылтуунун, чгармаларын дагы терең иликтеп табуунун салтанаты катары белгиленүүдө. Юбилейдин астында Ак-Кыядагы Молдо Нияздын балдардын сабатын ачкан үңкүрү заманбап деңгээлде реконструкцияланып, ал жашап калган эски там оңдолуп, мектептеги музейи иретке келтирилип, айылдагы көчөлөргө асфальт төшөлүп, теребел жашылдандырылып, туристтерди адабиятка, маданиятка кызыгышкан замандаштарыбызды өзүнө тарткан ордого айланып калды. Кара-Дабандагы тамы менен багы да бапестелип каралууда. Ал эми өзбек агайындар Шаймердендеги мүрзөсүнүн ордуна мавзолей курууну, Маргаландагы ал билим алган медресинин жанына эстелигин орнотууну көздөп жатышат. Айтмат Исраилов баштаган “Молдо Нияздын урпактары” коомдук бирикмеси астейдил аракеттерди көрүүдө. Таланттуу акын Молдо Нияз Эрназар уулунун ысымы өзү жашап өткөн айтылуу Шаймерден суусунун алабындагы Көтөрмө айыл өкмөтүнө жана райондун борборундагы маданият үйүнө, көчөгө, Баткен мамлекеттик университетине ыйгарылды. Бабабыз мындай сый-урматка татыктуу деп ойлойбуз. Молдокемдин санжырасы такталып, телефильм тартылып, китептер чыгарылды. Ал эми Молдо Нияздын чыгармачылыгын терең талкуулаган илимий-практикалык конференциялар Бишкектеги Кыргыз улуттук, Ош жана Жалал-Абад мамлекеттик университеттеринде, Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыядагы филиалында, боордош Казакстандын Алматы жана Семей, Кызыл-Ордо шаарларында, Өзбекстандын Анжиян шаарындагы университеттерде да уюшкандыкта өткөрүлдү. Тунгуч жазгыч акындын өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган Омор Соороновдун, Муса Сапаевдин, Абдыкерим Муратовдун, Гүлзада Нармаматованын жана Адылжан Жажановдун кызыктуу китептери Бишкек менен Анкаранын басмаларынан жарык көрүп, поэзия, адабият күйөрмандарынын арасында зор кызыгууну жана колдоп кубаттоону пайда кылды. Залкар акындын санаттары башка көптөгөн түрк элдеринин тилдерине да которулуп, бүткүл дүйнөгө жайылтылууда. Телеканалдардан Молдо Нияздын 200 жылдык мааракесине арналган телекөрсөтүүлөр, маектер туруктуу берилип жатат. Акындын чыгармалары топтолгон касиеттүү үңкүр Чоң-Алай районунан табылып, кол жазмалары изилдөөгө берилди. Анын эл арасында калган башка китептерин өзүбүздөн жана кошуна өлкөлөрдөн издөөнү талыкпай уланта беребиз.

 Буюрса залкар акындын 200 жылдык мааракеси рефоматор президентибиз Садыр Жапаров баштаган жетекчилердин катышуусунда декабрь айынын экинчи он күндүгүндө өзүнүн кичи мекенинде эсте каларлык деңгээлде белгиленет деген үмүтүбүз бар.


 Адылжан Жажанов, Кыргызстан улуттук жазуучулар жана журналисттер союздарынын мүчөсү, Молдо Ниязды изилдөөчү 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер