Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мурат Боронов: “Министр Улан Ниязбеков каза болгон жоокерлерге камкордук көрүүдө”

Мурат Боронов: “Министр Улан Ниязбеков каза болгон жоокерлерге камкордук көрүүдө”

23-октябрь, 19:14
1 431 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткен ОИИБ начальниги менен маек.

-- Мурат мырза, Баткен облусундагы коомдук коопсуздук абалдан кеп салсаңыз? 

-- Баткен облусунун аймагында учурда коомдук-саясый жана ыкчам кырдаал салыштырмалуу тынч. Чек ара аймактары милиция кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдө. Кыргыз-тажик жаңжалынан улам жабыр тарткан айылдарда оңдоо иштери кайрадан жүрүүдө. Ошол күндөрү бул аймактарда милициянын иши көлөмдүү болгондуктан, Баткен жана Лейлек райондорунда жалпысынан алты тергөө тобу иш алып барды. 

Баткен облусу боюнча ички иштер органдарынын жана ага кошумча жардам катары берилген күч каражаттарынын коомдук коопсуздукту камсыздоо, жарандар арасында кылмыштуулукту жана укук бузууларды, чагымчыл аракеттердин алдын алуу боюнча авто жана жөө кайгуулдары уюштурулган. Тажик тараптын кол салуусунан жабыркаган турак жайларды, мамлекеттик имараттарды, соода-сатык түйүндөрдү толугу менен карап чыгуу жана келтирилген чыгымдарды аныктоо боюнча түзүлгөн тергөө топторунун ишмердүүлүгү уланууда. Кадамжай, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмдөрүндөгү милициянын көчмө кабылдамаларын азыркы учурда чек ара аймактарына алдырып, айылга кайрадан бирин-экин көчүп келип жаткан жарандардын арыздарын алып, каттап жатабыз. Анткени ошол күндөрү чек ара аймактарындагы элдерди толугу менен коопсуз жайга көчүрүп чыгып кеткен болчубуз.

-- Сиз башында турган өздүк курам менен элге дух берип, таяныч болуу жагынан кандай иш-аракеттер жүрүүдө?

-- Милиция кызматкерлери ар дайым жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча биринчилерден болуп иш алып барат. Ошондуктан, ар кандай кырдаалда жарандар менен бирге болуп, алардын өмүрүн жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иштеп жаттык. 2022-жылдын 16-сентябрь күнү Тажикстандын күч түзүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагынын ар кайсы тарабына капыстан оор аскер техникалары менен кол салган убакта, менин буйругумдун негизинде Баткен ОИИБнин өздүк курамы окуя болгон жерлерге өз убагында чыгып, кооптуу аймактарда жашаган жергиликтүү тургундарды өзүбүздүн атайын автоунааларыбыз менен алып чыгып жаттык. Алардын башында өзүм болуп, оорукчан энелер, жаш балдар, аксакал аталарыбызды, аялдарды биринчилерден болуп ташыдык. Жергиликтүү милиция кызматкерлери кайсы үйдө канча адам калып калганын так айтып, бирин койбой алып чыгып кеткенге аракет кылдык. Бул ирет тажик тарап Баткен районунун айланасынан оор техникалар менен ок атып, көптөгөн объектилерди талкалап, ар кандай соккуларды берди. Элди эвакуациялоо учурунда биздин унааларга да оор техникалар менен атышып, тилекке жараша, кызматкерлерим жараат алган жок, бирок айдаган унааларына октор, анын чачырандылары тийип, жараксыз абалга кептелди. Мындай учурда ар бир кызматкерибиз өзүн колго алып, кайрадан курчуп, элди коргоп жатышты. Окуя болгон аймактагы абалды толугу менен өзүм көзөмөлгө алып, Баткен районундагы кагылышууда болдум. Ал эми Лейлек районуна орун басарымды жөнөтүп, абалды турукташтырууга аракеттерди көрүп жаттык. Тилекке каршы, тажиктер бул ирет айткан сөздөрүнө турбай, кайрадан абалды курчутуп жиберишти. ИИОнун кызматкерлери өздөрүнө жүктөлгөн милдетти кынтыксыз аткарышты. Жай тургундар арасында 2021-жылга караганда өлүм аз болду.   

-- Өзгөчө чек ара аймагында жашаган эл менен милициянын байланышы кандай болууда?

-- Бул аймактарда эл менен милиция тыгыз иш алып барат. Аларга жардам көрсөтүү максатында милиция кызматкерлерине атайын жашоо шарты менен милициянын участкалык пункттары ачылган. Атап айтсак, Лейлек районунун Арка айылына жана Баткен районунун Ак-Татыр айылына милициянын участкалык пункту, Кулуңду айылында коомдук алдын алуу борборунун имараттарын ачканбыз. Бул имараттар толук кандуу ишке кирип, коомдук алдын алуу борборундагы аксакалдар сотунунун төрагасы, аялдар кеңештери, жаштар координаторлору милиция кызматкерлери менен үзгүлтүксүз иш алып барат. Ошондой эле жергиликтүү бийлик дагы жер-жерлердеги милиция бөлүмчөлөрү менен тыгыз иштешип, биргеликте түзүлгөн иш-пландардын негизинде алгылыктуу иштерди жасап жаттык. Коомдун коопсуздугу, мамлекетибиздин бүтүндүгү – биздин негизги милдетибиз. Мекен алдында милдетибизди биздин жоопкерчилик катары билем.  

-- Тажикстан аркылуу контрабандалык товарлардын кирип-чыгуусу, баңгизаттардын ташылуусу айтылып, сын пикир катары жазылып да келет. Бул жагынан кандай көзөмөлдө иш алып барасыздар?

-- Баткен облусунун аймагында аткезчилик менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин 04.02.2022-жылдагы №55-т сандуу тескемесинин жана КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 17.01.2022-ж. №4-б буйругунун негизинде Баткен облусунун Баткен районунда (Развилка), Баткен шаарында (Төрт-Күл), Сүлүктү шаарында (Кольцо) аймактарында тосмо посттор уюштурулуп, аткезчиликке каршы иш алып барылган. Акыркы каргашалуу окуяларга байланыштуу Баткен облусунун ИИОнун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып баргандыктан, жер-жерлерде аткезчиликке каршы күрөшүү ыкчам иш-чаралары бир аз токтоп калган. Бирок бүгүнкү күндө иш-чаралар кайрадан жандандырылды. Бул багытта тийиштүү башка кызматтар менен бирге тынымсыз күрөш жүргүзүп келебиз. Алсак, Баткен облусунун ички иштер органдарына 2022-жылдын 9 ай ичинде аткезчилик фактысы менен 13 материал катталган. Жалпы аткезчилик фактылары боюнча аныкталган далил буюмдардын суммасы 29 млн. 887 миң 750 сомду түзгөн. Бул фактылар боюнча мыйзам чегинде чаралар көрүлүп, материалдар башка укук коргоо органдарына жөнөтүлүп, айып пулдар салынган. Айрымдары учурда соттун кароосунда.  

-- Өткөн айдагы тажиктердин баскынчылык агрессиясынан милицияда жоготуулар, жабыркагандар болдубу? Аларга, үй-бүлөлөрүнө кандай камкордуктар көрүлүүдө?

-- Тилекке каршы, бул куралдуу кагылышууда Баткен облусунда жайгашкан биздин ички аскерлерден төрт жоокер жана ИИМдин атайын багыттагы полкунан бир жоокер баатырларча курман болушту. Мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактоодо курман болгон кесиптештерибиз ар дайым биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Алардын ысымдарын түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чаралар сөзсүз түрдө жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун аракетинин негизинде каза болгон эки жоокердин алган насыялары жабылды. Жакындары камкордукка алынган... Ошондой эле мамлекет тарабынан алардын үй-бүлөсүнө ар тараптуу жардамдар көрсөтүлүп жатат.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер