Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Биримдик” №1. Кулбараков: “Сапаттуу билим берүүгѳ жетишүү учурдун талабы”

“Биримдик” №1. Кулбараков: “Сапаттуу билим берүүгѳ жетишүү учурдун талабы”

24-сентябрь, 19:08
532 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешке шайлоого карата "Биримдик" демократиялык социализм - евразиялык тандоо” партиясынын тизмесиндеги талапкерлер да эл менен жеринен жолугушуп, жергиликтүү тургундар тарабынан келип түшкөн суроолорго, сунуштарга жооп беришүүдө. Ошондой эле  талапкерлер шайлоочуларга “Биримдик” партиясынын программасы, платформасы тууралуу кеңири түшүндүрмө берип жатышат. 

"Биримдик" партиясынын тизмесинде ЖК депутаттыгына аттанып жаткан талапкер Абтандил Кулбараков да учурда шайлоочулар менен жолугуп жатат. Жаратылыш шарты катаал, кышы узакка созулган бул аймактын эли да социалдык көйгөйлөрдөн куру эмес. Атап айтсак, ичүүчү жана сугат суу маселелери, мектептердин, бала бакчалардын эскилиги, жетишсиздиги жана ооруканалардын тартыштыгы. Ошондой эле аймакты башка жактар менен байланыштырып турган жол маселеси курч бойдон калууда. 

Абтандил Кулбараков суроолорго иреттүү жана партиянын программасына таянуу менен жооп берип, айрыкча билим берүүдө келечек муунга кесипти туура тандоого багыт көрсөтүү аркылуу окуу процессин заман талабына ылайыктап, дүйнөлүк тенденциянын агымынан артта калбай билим берүү учурдун башкы талабына айланганын, жарандардын заманбап жана сапаттуу билим алуусуна жетишүү бүгүнкү күндүн талабы  экендигин белгиледи.  

Ошондой эле, “Биримдик” партиясынын программасында камтылган саламаттыкты сактоо тармагы боюнча жасалчу иштер менен кыскача тааныштырды. Бул тууралуу талапкер: “Ар бир адамдын ден-соолугу – бүткүл улуттун бакубатчылыгынын кепилдиги. Пандемия биздин саламаттыкты сактоо тармагын толук реформалоого керектигин айгинеледи. Биздин партия бул жаатта төмөнкү иштерди аткарууну мерчемдөөдө. Сапаттуу жана жеткиликтүү саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү менен баардык дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды электрондук эсепке алуу системасын иштеп чыгуу жана киргизүү, медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, тармактагы коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган жалпы мамлекеттик программаны иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, калктын социалдык жактан аярлуу катмарларына акысыз медициналык жардамдарды көрсөтүүнүн системасын киргизүү” деп билдирди.  

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеште эл өкүлү катары эбегейсиз кызмат кылган Абтандил Кулбараковго Жумгалдын эли ак батасын берип, каалоо-тилектерин айтышты.


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер