Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат: «Ысык-Атадагы Сокенин 150 гектар жерин УКМК иликтейби?»

Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат: «Ысык-Атадагы Сокенин 150 гектар жерин УКМК иликтейби?»

07-август, 12:13
561 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

– Мээрбек, Сооронбай Жээнбековдун тойлордон тост сүйлөп чыгып атканын кандай кабыл алып атасың?

– Сокенин тойлордо жүргөнүн баарыбыз эле көрүп атабыз. Биз ал кишини сотко чакырып, «кылган кыллмыштарыңа жооп бер. Ак болсоң ак бол, так болсоң так бол!» дегенбиз. А Соке болсо жашынып алып, кечинде тойлорго барып, ал жерде да жөн отурбай, көтү-башын чукуланып, кашынып атканы көзгө орой көрүнүүдө. Элдин баары аны көрүп, аябай иренжип атат. Анысы аз келгенсип, жөпжөнөкөй эки сүйлөмдү өз сөзү менен айта албай, бир айтканын эки айтып, тосттун маани-маңызып кетирип, ашмалтайын чыгарып атканы бир караган кишиге «оорулуу болуп калганбы?» деген таасир калтырууда. Ошентип шылдың болуп тойго барбай эле койбойбу! Менимче, бу киши акыркы күндөрү санаркоо менен алектей. Анча болду, Кой-Таш окуясы боюнча сотко келип, ары же бери болуп алса жеңилдемек жана той-ашка кенен-кесир бара бермек. Азырынча тойдон пайда жок.  

– Ысык-Атадагы гектарлаган жерлери боюнча кандай маалыматың бар?

– Ооба, Ысык-Атада Сокенин 150 гектар жери бар. Аны билем. Анткени, кайын журтум коңшу айылдан болот, күн алыс өтүп турам. Ал жер Сокеге кандайча тийип калганын жергиликтүү тургундар да биле беришбейт. Кандайча «ырымдалганын» сураштырган жан жок. УКМК ушу ишти иликтесе, Сокенин дагы бир «ишмердүүлүгү» ачыкка чыкмак. «Кантип эле Чүйдүн Ысык-атасынан 150 гектар жер берилип калды?» деген суроо туулат. Себеби, ошол жерди жети атасы жердеген жергиликтүү элге 4 сотых жер табылбай атканда, бул кандайча алган? Менимче, бул жерди президент кезинде ээлеп алса керек. Президентке жердин кереги эмне? Андан көрө эл үчүн ак кызмат өтөсө, мындан өткөн байлык бар беле? Жергиликтүү элден жер талашып, жанталашып кашар куруп... Соке деле бир көрпенде окшойт. Айткан менен пайда жок, бети бет эмес бетон экен!  

– Кой-Таш сотуна келеби?

– Кой-Таш окуясына саналуу күндөрдөн кийин төрт жыл болот. Ал эми соттук иш учурда белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Канча жылдырышса деле баары бир биз аягына чыгабыз. Ошол убактагы Сооронбай Жээнбековдун бийлиги, аткошчулары жана коркок генералдары күнөөлүү экенин эртели-кеч далилдеп беребиз. Булардын орду тойдо эмес, түрмөдө болуш керек! 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер