Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Саясый соодалашуунун соңу кандай бүттү?

Саясый соодалашуунун соңу кандай бүттү?

04-декабрь, 11:29
955 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

30-ноябрда Садык Шер-Нияз менен Садыр Жапаров жолугушуп, өлкөдөгү саясый кырдаалды талкуулашты. Алмамбет Шыкмаматовдун демилгеси менен өткөн бул сүйлөшүүдө президенттикке аттангандар консенсуска келишкенин Шер-Нияз белгилеп, өз талапкерлигин алып салууну чечкенин маалымдады. Элдин 70%ы Жапаровду колдоп жатканын айткан Шер-Нияз, кабыл алынган чечим анын тарапташтары менен кеңешилгенин айтат. Ал эми саясый талдоочулардын пикиринде, саясатчылардын позицияларын алмаштыруусу, соодалашуусу сыяктуу көрүнүштөр дүйнөлүк саясый тарыхта деле болуп келген.

Азамат Темиркулов, саясый илимдердин доктору:

-- Саясатчылар айрым учурда өз позицияларын алмаштырат. Бул бир эле Кыргызстанда эмес, башка өлкөлөрдө деле болгон көрүнүш. Бирок, идеология жагынан позиция туруктуу болушу шарт, андан тайбашы керек. Бул принципиалдуу маселе. Биздеги президенттик шайлоонун ичинде болуп жаткан процесстерди анализдеп көрсөк, анда “өлкөнүн өнүгүшүн ойлоп шайлоого баратам дегендерге ишенүү кыйын. Мунун артында кресло, акча үчүн соодалашуу бар экени белгилүү болуп калды.

Алмазбек Акматалиев, саясат таануучу:

-- Шайлоонун өңүтү – калган бүт талапкерлер жалгыз Садыр Жапаровго каршы иштегени калды! Алар бириксе чоң күчкө айланмак, бирок бириге алышпайт. Ошон үчүн Жапаровго каршы добуштар абдан чачырайт, Жапаров болсо өз добуштарын баары бир алат! Ушул себептен азыр коомдук пикирде “Жапаровго таш ооп калды деген терең пикир орноду. Ушуну чын эле калыс анализ жасаган талапкерлер четинен жыдый башташты. Бул демократиялык эле көрүнүш. Мындан ары да андайлар боло берет. Кээ бирөө жөн эле өзүн көрсөтөм деп чыкты, дагы бирөө тек гана соодалашууга, үчүнчүсү арканды алыс таштап жатышат, төртүнчүсү чын эле өз күчүнө ишенип чыкты... Бул да жакшы көрүнүш! Баарын эл 10-январда чечет... Негизги саясый күрөш али алдыда...


Мээрим Асанова

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер