Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бүбайша Арстанбекова сотто Джыпаркүл Турсунбаеваны утту

Бүбайша Арстанбекова сотто Джыпаркүл Турсунбаеваны утту

28-февраль, 19:30
420 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1. “Ачык саясат” коомдук саясый жана укуктук гезитинин 2017-жылдын 8-сентябрдагы №34 (280) санынын 4-7-беттеринде “Министр Казаков Түгөлбайдын ырчы Самара Каримова менен күйөөсү Асан Мансуровдон башка кыларга иши жокпу?” деген макаланы жокко чыгаруу боюнча;

2. 2018-жылдын 20-апрелиндеги №13 (308) санынын 10-11-беттеринде “Маданияттагы коррупциянын тамырын ким жулат... же коомдук байкоочу кеңеш институту бекерпоздорго кызмат орду, коррупциянын нак ордосуна айланганда...” аттуу макаланы жокко чыгаруу боюнча:

“Ачык саясат” коомдук саясый жана укуктук гезитинин редакциясы менен макаланын автору Джыпаркүл Турсунбаева атайын, карасанатайлык менен КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана коомдук ишмер Бүбайша Арстанбекованын калк арасындагы кадыр-баркына, ар-намысына шек келтирип, ишкердик беделин кемсинтүү, тебелеп-тепсөө максатын көздөп, чындыкка дал келбеген маалыматтарды сериялап сандан-санга таркаткан. Сандан-санга берилген бул көлөмдүү макалалардын ар бир саны 2500 нуска менен (жалпы 5000 нуска) жарык көрүп, коомчулукка таркатылган.

Доогер Бүбайша Арстанбекова өзүнүн ар-намысын, кадыр-баркын, ишкердик беделин коргоо үчүн жоопкер “Ачык саясат” гезитинин редакциясы жана жоопкер Турсунбаева Джыпаркүлдүн үстүнөн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна чындыкка дал келбеген маалыматтарды жокко чыгаруу жана келтирген моралдык зыянды өндүрүү боюнча арыз менен кайрылган.

Жыйынтыгында:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2022-жылдын 15-мартындагы аныктамсы, Бишкек шаардык сотунун 2021-жылдын 18-октябрындагы аныктамасы, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2021-жылдын 12-апрелиндеги чечими күчүнө кирген. 

Иш №ЖИ-436\21.Б2      

(көчүрмө)


Чечим

Кыргыз Республикасынын атынан

2021-жылдын 12 апрели, Бишкек шаары


Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун курамында төрагалык кылуучу сот отурумунун катчысы доогер Арстанбекова Бүбайша Кулуевнанын катышуусунда “Ачык саясат” коомдук саясый жана укуктук гезитине жана Джыпаркүл Турсунбаевага карата ар-намысты, кадыр-баркты, ишкердик беделди коргоо жана моралдык зыянды өндүрүү боюнча доо арызын карап чыгып,

тапты:

Доогер Б.К Арстанбекова ар-намысты, кадыр-баркты, ишкердик беделди коргоо жана моралдык зыянды өндүрүү боюнча жоопкер “Ачык саясат” коомдук саясый жана укуктук гезитине жана Дж.Турсунбаевага карата доо арызы менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна кайрылган. Арызды төмөндөгүдөй негиздеген.

“Ачык саясат” коомдук саясый жана укуктук гезитинин 2017-жылдын 8-сентябрдагы №34 (280) санынын 4-7-беттеринде “Министр Казаков Түгөлбайдын ырчы Самара Каримова менен күйөөсү Асан Мансуровдон башка кыларга иши жокпу?” жана 2018-жылдын 20-апрелиндеги №13 (308) санынын 10-11-беттеринде “Маданияттагы коррупциянын тамырын ким жулат... же коомдук байкоочу кеңеш институту бекерпоздорго кызмат орду, коррупциянын нак ордосуна айланганда...” деген аталыштар менен макалалар жарыяланган.

Доогер жогорудагы аталган макалалар аркылуу “Ачык саясат” гезитинин редакциясы жана макаланын автору Дж.Турсунбаева атайын карасанатайлык менен КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана коомдук ишмер Бүбайша Арстанбекова жөнүндө калк арасындагы кадыр-баркына, ар-намысына шек келтирип, ишкердик беделин кемсинтүү максатын көздөшүп, кониституциялык укуктарына шек келтирген деп эсептейт. “Ачык саясат” коомдук саясый жана укуктук гезитинин 08.09. 2017-жылдын №34 (280) санынын 4 жана 7-беттеринде “Министр Казаков Түгөлбайдын ырчы Самара Каримова менен күйөөсү Асан Мансуровдон башка кыларга иши жокпу?” деген аталыштагы макаланын 5-абзацындагы: “Ошол мыйзамсыз сыйлык алгандардын ичинде... Маданиятка эч кандай тийешеси жок, өмүрүндө дайындуу иши да жок, тийешелүү билими да жок, көз боёмочулук менен СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) 1980-1985-жылдары “кыргыз тили жана адабияты факультетин аяктап филолог болду” деген жалган дипломду негиз кылып, президенттин алдындагы академиянын магистранты болду болгон, Бакиевдин заманында “ОБОНчуларынын” жетекчиси, тубаса “пикетчи”, утур бийлик алмашкан сайын бет чүмбөтүн алмаштырып, “саясат оюнун ойноп келген, өкмөттүн коррупцияга каршы иш алып баруу бөлүмүнүн комиссиясы тарабынан “тандалып алды” болуп, министрликте “коррупцияга жол бербей көзөмөлдөп, ишинин жакшы жолго түшүшүнө түздөн-түз өбөлгө түзөт” деп алып барган, коомдук кеңештин төрагасымын деп көкүрөк кагып жүргөн Арстанбекова Бүбайша Кулуевна дегенге “КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамына мыйзамсыз көрсөтүлүп, сыйлык ыйгарылды ж.б.у.с... Ал эле эмес, алиги “пикетчи” Арстанбекова Бүбайша Кулуевна мурун Бакиевдердин “пикетчи”-“ОБОНчусу” болсо, азыр Казаков Түгөлбайдыкы болуп, коомдук кеңешке төрагалык мөөнөтү ушул жылдын 4-мартында эле токтотулганына карабастан, заманбап бардык компьютерден өйдө жабдыктары менен жабдып, кабинет берип, кызматын пайдаланып, ал массалык маалымат каражаттары аркылуу Казаков Түгөлбайды компетентсиз коллегия мүчөлөрү менен жактап, арыз ээси мени, залкар таланттар, Кыргыз театр жана кино жылдызы Таттыбүбү Турсунбаеваны, анын бир тууган агасы – менин жолдошум, көп кырдуу залкар талант Нуркан Турсунбаевди келекелеген, мазактаган, шылдыңдаган, жаманатты кылган макалаларды сериялап жарыялап, алардын заказын айнытпай чыгарып турган гезиттин башкы редакторуна жолдомо берилип, азыркы КР эгемендүүлүгүнө арналган мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу боюнча указга ылайык президенттин Ардак грамотасы ыйгарылды ж.б.у.с...” деген сүйлөмдөр чындыкка дал келбейт жана жокко чыгарууга жатат.

Ал эми гезиттин толук эки бетин ээлеп турган “Маданияттагы коррупциянын тамырын ким жулат... же коомдук байкоочу кеңеш институту бекерпоздорго кызмат орду, коррупциянын нак ордосуна айланганда...” аттуу макалада баштан-аяк Б.К Арстанбекованы кыргыз коомчулугунун алдында мазактап, адамдык аброюна шек келтирип, ал гана эмес коомдук коркунучтуу кылмышкер катары көрсөтөт.

Мисалы, макаланын 2-абзацында: “...Ушул аялуу катмардын башын бириктирген министрликтин үстүнөн ыплас, илгери кийин дайындуу иштеген иши жок, өмүр бою көз боёмочулук менен шугулданган, аягы сай таппаган Арстанбекова Бүбайша Кулуевнага окшогон аферисттерге көзөмөлдөтүп коюп, эмне үчүн өкмөт көз жумуп келет (?) деген суроо салгым келет, же Сапар Жумакадырович, Арстанбекова Бүбайша Кулуевнанын сизге бир тууган кайнежеси болом деп мактаныч кылып, коомдо жаратып жүргөн пикири ыраспы?” деген сүйлөмдөр менен башталып, макала андан ары “Арстанбекова Бүбайша Кулуевна деген ким өзү?”, “Арстанбекова Бүбайша Кулуевнанын афёрасынын жеткен чеги эмне болду?”, “Арстанбекова Бүбайша Кулуевна жетектеди болгон...”, “Арстанбекова Бүбайша Кулуевнанын көз боёмочулугу кантип ачылды?”, “Арстанбекова Бүбайша Кулуевнага кылмыш иши козголуп, абийири төгүлүп, чыныгы жүзү ачылганда эмне кылды?” деген бөлүктөр менен уланат. 

Макаланын “Арстанбекова Бүбайша Кулуевна деген ким өзү?” деген бөлүгүндө: “...билими толук эмес орто – 8 класс мектептин билими, статусу – жалгыз бой эне, Ош шаарындагы ХБК ишканасында жумушчу болуп иштеп жүрүп, 90-жылдардын башында “Ашар” кыймылына мүчө, 90-жылдардын ортосу Россиянын Екатеринбург шаарына каттаган “челнок”, 1997-жылдын баш ченинде өзү менен кошо “челноктукту” аркалагандарды алдап, алар менен араздашып Екатеринбург шаарына баргыс акыбалга келип, Бишкек шаарына келгенде барар жери жок таптакыр талаада калганда, алдоо жолу менен биздин ишенимибизге кирип, биздин үйдө 1997-2000-жылдары келип-кетип башкалкалап жашап, ашынган аферисттиги менен биздин үйдө баш-аягы 3 жыл чамасында жашап, араңдан зорго кутулганбыз. Бизден кетип талаада калганда, 2000-2005-жылдары залкар акын Жолон Мамытовдун байбичеси, белгилүү акын-жазуучу-драматург Меңди Мамазаированын ишенимине кирип, 5 жылга чукул анын үйүндө жашап, ал кишини ээрчип, ар кимге “бир тууган сиңдисимин” деп алдап тааныштырып жүрүп, акын-жазуучулардын чөйрөсүнө аралашып, “үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” демекчи, аларды кутула тажатканда, биздин үйдөн кандай чыгарылса, дал ошондой жолго салынат, квартиралап талаада калганда, аңгыча Бакиевдердин заманы келип, мындайларга “жашыл коридор” түзүлүп, алардын ишенимине кирип, алардын камчысын чаап, “саясат” оюнун ойноп жатып, ошол бийликти коргоо максатында аялдарды топтоштуруп ОБОН (отряд баб особого назначения) топ түзүп жетектеп, 2007-жылы оппозицияга каршы Бакиевди колдоо митингине ошол аялдарды митингге чыгарып жүрүп, Бакиевдерге жасакерленип каршылаш болуп турган оппозициянын нак башында турган генерал Феликс Кулов “мени өзү келип чаптырып кетти” деген кур жалаа жаап, пиар жасап, “кол салуу болду” деген оюнду ойноп, кайрадан кайра пресс-конференцияларды уюштуруп аферисттенип (толук документалдуу далилдерим жана көргөн күбөлөрүм бар)...” деген сүйлөмдөрдөгү маалыматтар чындыкка дал келбейт жана андагы Б.К.Арстанбекованы каралаган, кемсинткен, келекелеген, басмырлаган сөз жана сөз айкаштары Б.К.Арстанбекованын жеке турмушуна, кол тийбестигине, ар-намысынын корголушуна, адамдык аброюна доо кетирген.

Макаланын автору Дж.Турсунбаева менен жоопкер “Ачык саясат” гезитинин редакциясы, гезиттин 20.04.2018-жылдагы санына жарыялаган бир эле макаласында 8 жерде “аферист” деген “эпитет” менен (аягы сай таппаган Арстанбекова Бүбайша Кулуевнага окшогон аферисттерге көзөмөлдөтүп коюп, ашынган аферисттиги менен биздин үйдө баш-аягы 3 жыл чамасында жашап, пресс-конференцияларды уюштуруп, аферисттенип, ал аферасы ошол аялдар тарабынан Бакиевдерге жетип, аферисттик жол менен шугулданып келген, Арстанбекова Бүбайша аферисттен айла-амал качып кутулмак беле, тырмагынын учунан чачынын учуна чейин арамдык менен ширелген айлакер аферистти дагы канчага чейин маданиятты тейлетип, аферист Арстанбекова Бүбайшанын кылыгы бир тең) чаптаса, андан башка ыплас, “өмүр бою көз боёмочулук менен шугулданган”, “карабет”, “калпычы” деп көрсөтүп, бүткүл коомчулук алдында Арстанбекова Бүбайшанын ар-намысына шек келтирип, ишкердик беделине орду толгус доо кетирген.        

Доогер Б.К.Арстанбекова жоопкер Дж.Турсунбаева аталган макалаларында мени “өмүрүндө дайындуу иши жок, тийешелүү билими да жок”, “билими толук эмес орто – 8-класс мектептин билими”, “барар жери жок, таптакыр талаада калган”, “статусу жалгыз бой эне” деп кемсинтип, кордоп, менин Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен корголгон жеке турмушумдун кол тийбестик укугума доо кетирген. “Маданиятка эч тийешеси жок”, “КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамына мыйзамсыз көрсөтүлүп”, “мыйзамсыз сыйлык алган” дейт. Ооба, мага КР президентинин жарлыгы менен “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылган. Мага берилген сыйлык эч ким, анын ичинде сот тарабынан да жокко чыгарылган эмес. Демек, ал мыйзамдуу жана күчүндө. Президенттин жарлыгын “мыйзамсыз” деп “Ачык саясат” гезитинин редакциясы менен макаланын автору Дж.Турсунбаева эмнеге таянып жазып, коомчулука таркатып жатат дейт.

Сот тарабынан бул маалыматтар изилденип, сөз айкалыштары чындыкка жатпайт жана Б.К.Арстанбекованын ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен деп таанылууга жатат. Тактап айтканда, жоопкерлер тарабынан эч кандай доогердин жогорудагы макаладагы көрсөтүлгөн маалыматтар так жана туура экендиги тууралуу бир дагы далил келтирилбеген, демек, жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар жана сөз айкалыштар чындыкка дал келбейт жана доогердин ар-намысын, кадыр-баркын, ишкердик беделин булгайт деген чечимге келди.

КР Жогорку сотунун пленумунун “Ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо жөнүндө талаш-тартыштарды чечүү боюнча соттук практикасы тууралуу” токтомунун 5-пункутунун талаптарын колдоонуу менен сот бул ишти кароодо иштин предмети болгон маалыматты анализдөөнүн натыйжасында таратылган бүт маалыматтын мазмундуу курамы жана логикалык курулушун изилдеген учурда ал маалыматтардын жана сөз айкалыштардын мазмундуу курамы жана логикалык курулуштары чындыкка дал келбейт жана доогердин ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделине шек келтиргенин аныктаган. Демек, доогер Б.К.Арстанбкеова жоопкер “Ачык саясат” гезити жана жоопкер Дж.Турсунбаева тарабынан моралдык зыян келтирген деп эсептейт. Себеби, жоопкер Дж.Турсунбаеванын кыймыл-аракетинен доогердин мүлктүк эмес укутары бузулган.

КР “Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү” мыйзамдын 25-беренесинин жана “Маалыматтарды алуунун кепилдиги жана эркиндиги” жөнүндөгү мыйзамдын 11-беренесинин талабы менен массалык маалымат каражаттары жарыяланган маалыматтардын анык экенин текшерүүгө жана ал маалыматтардын аныктыгы үчүн маалымат берген булактар менен бирге жооп берет.

Иштин материалдарынан “Ачык саясат” коомдук саясый жана укуктук гезитинин 2017-жылдын 8-сентябрдагы №34 (280) санынын 4-7-беттеринде “Министр Казаков Түгөлбайдын ырчы Самара Каримова менен күйөөсү Асан Мансуровдон башка кыларга иши жокпу?” жана “Ачык саясат” коомдук саясый жана укуктук гезитинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги №13 (308) санынын 10-11-беттеринде “Маданияттагы коррупциянын тамырын ким жулат... же коомдук байкоочу кеңеш институту бекерпоздорго кызмат орду, коррупциянын нак ордосуна айланганда...” аттуу макалаларды чыгарып жаткан учурда Джыпаркүл Турсунбаева тарабынан берилген маалыматтар анык экенин жана чындыкка жатарын текшерген эмес, андыктан жоопкер Дж.Турсунбаева менен биргеликте жоопкерчилике тартылат.

Жогорудагылардын негизинде жана КР Жарандык кодексинин 113, 198-202,211-беренелерин жетекчилике алып, сот

чечим кылат:

1. “Ачык саясат” коомдук саясый жана укуктук гезитинин 2017-жылдын 8-сентябрдагы №34 (280) санынын 4-7-беттеринде “Министр Казаков Түгөлбайдын ырчы Самара Каримова менен күйөөсү Асан Мансуровдон башка кылаарга иши жокпу?” жана “Ачык саясат” коомдук саясый жана укуктук гезитинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги №13 (308) санынын 10-11-беттеринде “Маданияттагы коррупциянын тамырын ким жулат... же коомдук байкоочу кеңеш институту бекерпоздорго кызмат орду, коррупциянын нак ордосуна айланганда...” аттуу макалалардагы маалыматтар чындыкка жатпайт жана доогер Арстанбекова Бүбайша Кулуевнанын ар-намысына, кадыр баркына, ишкердик беделине шек келтирген деп эсептелинет.

2. Чечим мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып, 10 күндүк мөөнөттө жоопкерлер “Ачык саясат” гезитинин редакциясы жана жоопкер Турсунбаева Джыпаркүл төгүндөө иретинде аталган чечимди жарыялашы милдеттендирилет.

3. Жоопкерлер “Ачык саясат” коомдук-саясый жана укуктук гезитинен жана 1965-жылдын 3-январында туулган Турсунбаева Джыпаркүлдөн доогер Арстанбекова Бүбайша Кулуевнанын пайдасына ар-намысына, кадыр баркына, ишкердик беделине шек келтиргендиги үчүн 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндөгү моралдык зыян өндүрүлсүн.

4. Жоопкерлер “Ачык саясат” коомдук-саясый жана укуктук гезитинен жана 1965-жылдын 3-январында туулган Турсунбаева Джыпаркүлдөн жалпы тилектеш доогер Арстанбекова Бүбайша Кулуевнанын пайдасына төлөнгөн мамлекеттик алымдын суммасы болгон 1700 (бир миң жети жүз) сом өндүрүлсүн.

Доо арыздын калган талаптары канааттандыруусуз калтырылсын.

Чечимге нааразы тарап Бишкек шаарынын сотуна 30 күндүн ичинде апелляциялык тартипте даттануу келтирүүгө укуктуу.


Төрагалык кылуучу: (колу)

Көчүрмө туура


“Ачык саясат” коомдук саясый жана укуктук гезитинин редакциясы:

КР Жогорку сотунун 2022-жылдын 15-мартындагы аныктамсынын, Бишкек шаардык сотунун 2021-жылдын 18-октябрындагы аныктамасынын негизинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2021-жылдын 12-апрелиндеги (ЖИ-436\21.Б2) күчүнө кирген чечиминин негизинде чыккан 2022-жылдын 22-апрелиндеги аткаруу барагын, аткаруу боюнча “Ачык саясат” коомдук-саясый жана укуктук гезитине жарыяланган жогорудагы “Ачык саясат” коомдук саясый жана укуктук гезитинин 2017-жылдын 8-сентябрдагы №34 (280) санынын 4-7-беттеринде “Министр Казаков Түгөлбайдын ырчы Самара Каримова менен күйөөсү Асан Мансуровдон башка кыларга иши жокпу?” жана 2018-жылдын 20-апрелиндеги №13 (308) санынын 10-11-беттеринде “Маданияттагы коррупциянын тамырын ким жулат... же коомдук байкоочу кеңеш институту бекерпоздорго кызмат орду, коррупциянын нак ордосуна айланганда...” деген аталыштагы макалалар чындыкка дал келбегендиктен доогер Бүбайша Арстанбекова жөнүндөгү маалыматтарды төгүндөп, жокко чыгарылды деп жарыялайт. 


Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана коомдук ишмер Бүбайша Арстанбековадан чындыкка дал келбеген маалыматтарды гезитке жарыялап, коомчулука таратып жибергенибиз үчүн кечирим сурайбыз!


“Ачык саясат” гезитинин редакциясы
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер