Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Апамды бактылуу кылып, кантип аялым менен жашайм?
Апамды бактылуу кылып, кантип аялым менен жашайм?
21-сентябрь, 17:41
2 149 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Учурда биз Бишкекте турабыз. Апам менен аялым аябай көп урушат. Анан бир күнү жумушта болсом, аялым апамды басынтып, ага кыйкырыптыр. Апам бизге таарынып, айылга кетип калды. Аялым менен ажырашайын десем эки балам бар. Аларды кыйбайм. Эмне кылам? Аялыман сурасам, апам балдарды карабай жаткан имиш. Апам болсо “аялыңан тажадым, төрт жыл чогуу жашадыңар, төрт жылда жаман сөздөрдү айтты, сен үчүн унчукпай жүргөм” деди.
Неберелерин жыттап, эч нерсени билгизбей жүргөн апам катуу ызаланыптыр. Акыры чыдамы түгөнгөнүн түшүндүм. Үй-бүлөдөгү ажырашуулар ушундай келишпестиктерден чыгат тура. Апалар, эже-карындаштар, ушул абалдан үй-бүлөмдү бузбай кантип чыгып кете алам? Апамды бактылуу кылып, кантип аялым менен жашайм? Кеңеш бериңиздерчи?!
Тургун