Чет өлкөлөрдө камалышкан мекендештердин укуктарына кайдыгер карабасак
Россияда, Казакстанда жана башка өлкөлөрдө камалышкан мекендештерибиз көбөйүп баратканы, алардын укуктары жетиштүү деңгээлде корголбогону кабарланып келет. Көбүнчөсү болбогон эле иштер менен айыпталышып, жалаага калгандар да талкууланууда. Ооба, алардын Кыргызстандагы туугандары тийешелүү деңгээлде жардам бере алышпайт экен. Негизи бул жаатта элчилик, консулдук жана мамлекет аралык министрликтер аркылуу сүйлөшүүлөр дыкат жүргүзүлсө, биздин мигранттардын укуктарына кызыгуулар жаралса, алардын абак азабына кандайдыр бир жеңилдиктер көрүлсө, жаза тайган айрымдарын бошотууга бел байлашса болот да, туурабы? Эмесе, тийешелүү тармактардын демилгелери, чечкиндүү аракеттери керек. Ушул жалпысынан жазылган куш тилиндей кабарга президенттин администрациясы көңүл бурарына ишенебиз. Мигранттардын тагдырлары ар бирибизди ойлондурушу зарыл.
"Азия Ньюс" гезити