Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Бизде мал сатканда салык төлөшпөй, миллиондорду жашырышат”

Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Бизде мал сатканда салык төлөшпөй, миллиондорду жашырышат”

02-декабрь, 19:00
858 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акбөкөн Дүкенович, кээ бир чиновниктер башка жактан тапкан пайдасын жашырыш үчүн декларацияны “миллион сомдук жылкы саттым” деп толтурушарын айттыңыз. Эмне, мал үчүн салык төлөнбөйбү?

-- Бүгүн дыйкан чарбаларына жер салыгынан башка салык жок. Бир гектер жери болсо, соцфондго 400 сом төлөп коёт, болду. Бирок, баланча баш жылкым бар десең, аны эч ким барып карабайт. Жылкыларды саттым, кирешеси бир миллион болду деп коёт, ага салык алынбайт. Азыркы декларацияларды билбейм, бирок мурдагы декларациялардан байкачумун, көп министрлер асыл тукум кочкор, айгырларды сатчу да документ менен... 

-Бул бир жагынан караганда кирешени жашыруу, бирок мыйзам жагынан аларга эч доомат коё албайт турбайбызбы анда?

-Мындай да, “дыйкан салыктан качып атат деп чиновникке сын тагат. Бирок, өзү канча малың бар?” десе, он уйдун ордуна эки эле деп коёт. Сегиз уюн жашырып атпайбы! Ал сегиз уюн жашырат, бирөө сегиз миллион сомун, дагы бирөө башка миллион долларын кымырат. Менин округумдагы айылдарды карасаңыз, мал толтура. Ошонун жарымы шаардагы чоңдордуку. Жайытка да, салыкка дагы төлөшпөйт. Айыл өкмөттөн текшерсең, катталган эмес. Статистикага жашырбаш керек да. Салыкка тыйын эле төлөйт. Жайытка деле 70 сом. 

-Бизде мынча баш жылкы, мынча баш бодо мал бар деген статистика бар да, же ал туура эмес дейсизби?

-Менимче, ал так эмес. Статистиканы айыл өкмөт берет. Айыл өкмөт болсо күнүгө алмашып атпайбы. Демек, так эмес. Санариптешкен айылдарда гана так болушу мүмкүн.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер