Биринчи күйөөм байланышып турат, бирок мен экинчи жолдошуман бакыт таптым

Он жыл мурун кош бойлуу кезимде эле жолдошум менен ажырашкам. Экөөбүз тең жашообузду бирге уланта албасыбызды түшүнүп, тынч эле эки жолго түшкөнбүз. Ажырашуу тууралуу арызды мен жазгам, анткени мыйзам боюнча жашы жете элек бала болгондо арызды эне бериши керек. Экөөбүздүн бири-бирибизге эч кандай дообуз жок эле. Сот да экөөбүздү оңой ажыраштырып койгон.
Буга чейин мурдагы күйөөм уулу менен болгону үч жолу гана жолукту. Мен эч качан тоскоол болгон эмесмин, демек, өзү каалабаса керек. Алимент деле төлөбөйт. Азыр экөөбүз кадимкидей сүйлөшүп турабыз, бирок менин оюмча, аталык мамиле түзүүгө кеч болуп калды. Бул жагынан психологдордун пикири менен кошулам.
Ошентип, мурдагы жолдошум балалуу келин менен жашап жатат. Экөө баш кошууну пландашууда. Алардын жашоосу жакшы. Меники да жайында. Азыркы жактырган адамым кең пейил, уулумду тагдырдын белеги катары көрөт, себеби, мурдагы никесинен эки кызы бар болчу. Буюрса балалуу болуу алдында турабыз. Экинчи жолдошуман бакыт таптым...
Нурайым
"Азия Ньюс" гезити