Темирлан Аскеров, жарандык активист: “Келерки жылы эл аралык мамиледе көп ийгиликтерге жетишебиз”
-- Узап бара жаткан жылы президентибиз көп өлкөлөрдө болуп кайтты. Бүгүнкү эл аралык мамилелер, байланыштар, келечектеги мамилелер кандай ой жаратууда?
-- Президентибиз Садыр Жапаров жакынкы курултайда жана тышкы иштер министрлигине билдирүүсүндө “биз ар тараптуу, көп тармактуу эл аралык мамилелерди чыңдоого багыт алдык. Анткени Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгы көп тараптуу тышкы мамилелерден көз каранды” деди.
Дүйнөгө белгилүү болгондой, 203кө жакын өлкө бар. Ошонун эң борборунда, Евразияда биздин мамлекет жайгашкан. Дүйнөнүн алдыңкы экономикасы Кытай менен кошунабыз. Бизге жакын жайгашкан Индия, Сауд Арабия, Катар, Кувейт ж.б. мамлекеттер менен расмий сапарлар болгон. Мамлекеттик сапар дагы да уланары күтүлүүдө. Ошол эле мезгилде Катардын эмири биздин өлкөгө келип кетти. Андыктан бизде туура багыт тандалды. Кыргыз Республикасынын 32 жылдык эгемендигинде ар тараптуу, тең укуктук, теңата болууга дайыма умтулуу зарыл. Дүйнөдө экономикалык гана эмес саясый, маданий, гуманитардык, керек болсо жарандар аркылуу элдик дипломатия түшүнүгү бар. Ошол тараптан кыргыз эли ар убак өз кызыкчылыктарын ойлоп, туура, акылдуу экономикалык пайда алып келе турган тышкы саясатты жүргүзүүсү зарыл. Садыр Жапаров шайлангандан бери тышкы байланыштарды катуу күчөттү. Динамикалык активдүү көп сапарлар болду. Азыркы заманда бир эле тарапты карап, "алма быш, оозума түш" деп отура берген болбойт.
Ири инвесторлорго мамлекет тарабынан кепилдиктер берилсе, ошондо өлкөбүзгө көп кирешелер келет. Атамекендик ишкерлерди да колдошубуз зарыл. Аларга бут тоспой, өзгөчө экспортко чыккан ишкерлерди мамлекет колдоп берсе, кыргыз экономикасы күчтөнүп, көп пайда алып келет.
Прездентибиз узап бараткан жылы чет өлкөгө жалпы 22 сапар жасаптыр. Эки мамлекеттик, үч расмий, 17 жумушчу сапарлар. Ошол эле кезде министрлер кабинетинин төрагасынын да бир нече сапарлары орун алды. Буюрса келерки жылы да эл аралык мамиледе көп ийгиликтерге жетишебиз (!) деп ишенем.
"Азия Ньюс" гезити